Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Молдова: бир да партия көпчүлүккө ээ болгон жок


Молдовада алгач ирет аралаш шайлоо системасы менен өткөн парламенттик шайлоодо төрт партия алдыга чыкты. Алдын ала эсептер боюнча, арасында Орусия менен да, Батыш менен да мамилени күчөтүүнү жактаган партиялар бар.

Ошол эле кезде бир да партия парламентте көпчүлүктү ала алган жок. Эгер партиялар 45 күндүн ичинде коалициялык өкмөт курай албаса, кайра жаңы шайлоо жарыяланышы да мүмкүн.

Молдовада шайлоочулар биринчи жолу 101 депутаттын 50сүн партиялык тизме менен, ал эми 51 адамды бир мандаттуу округдардан шайлады. Мурда бул өлкөдө шайлоолор партиялык тизме менен гана өтүп келген. Социалисттер партиясы 31,75% добуш менен биринчи, европачыл партиялардын түзүлгөн ACUM блогу 25,26% менен экинчи, ал эми азыр өкмөттү башкарып жаткан Демократиялык партия 24,48% добуш алып үчүнчү болду. Мындан тышкары, консервативдүү ШОР партиясы 8,46% добуш алды. Калган партиялар алты пайыздык босогодон өтө алган жок.

Ал эми бир мандаттуу округдардан алынган добуштарды кошуп эсептегенде, алдын ала маалыматтар боюнча, азыр өкмөттү башкарып жаткан Демократтар партиясы 34, президент Игорь Додон башкарган Социалисттер партиясы 30, европачыл партиялардын түзүлгөн ACUM блогу 25 мандат алышы мүмкүн. Калган мандаттар бизнесмен жана миллионер, Оргеев шаарынын мэри Илон Шор башкарган ШОР партиясына тиет. Көрүнүп тургандай, бир да партия парламентте көпчүлүктү ала алган жок.

Демократтар партиясынын лидери Влад Плахотнюк:

- Биз, демократиялык партия, эч кимге шарт койбойбуз. Биз сүйлөшүүдөн баш тарта турган саясатчылар жок, биз талкуулоодон кача турган темалар жок. Биз эч кандай шарт койбойбуз. Ошол эле кезде бардык эле шарттарды кабыл ала бербейбиз. Биз эл менен жолугушууларда берген убадаларыбызды аткаруу максатында өлкө үчүн иштегибиз келет.

Учурда Молдова өкмөтүн Влад Плахотнюк башкарган Демократтар партиясынын орун басары, премьер-министр Павел Филип жетектейт. Бирок талдоочулар жана оппозиция чынында өлкөнү Влад Плахотнюк көзөмөлдөп жатканын айтып келишет. Бул партия Орусия менен Батыштын ортосунда тең салмак саясат жүргүзүүнү жактайт.

Ал эми президент Игорь Додон башкарган социалисттер Кремль менен алаканы күчөтүүнү колдойт. Додон - Путин менен жакын мамиледе жана анын ишенимдүү өнөктөшү. Шайлоо жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин 45 күндүн ичинде коалициялык өкмөт куралбаса, кайра шайлоо жарыяланышы мүмкүн.

- Бир да партия парламенттик көпчүлүккө жете албаса, андай көпчүлүктү куруу аракеттери көрүлмөкчү. Бирок эмки айларда эрте добуш берүү өткөрүү ыктымалдыгы жогору, - деди президент Игорь Додон жекшембиде.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин европачыл партиялардын түзүлгөн ACUM блогу Майя Санду Молдова "Орусияга жана Путиндин диктатурасына ооп бара жатат" деди:

- Биз күбө болуп жаткан нерселер, Молдова путиндик режимге жана диктатурага ооп бара жатканын көрсөтөт. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүшкө Демократиялык партиянын лидери жана өлкөнү дээрлик башкарып жаткан Влад Плахотнюк, ошондой эле президент Игорь Додон жана аларды жандап жүргөндөр күнөөлүү.

24-февралдагы шайлоого 1,4 млн. киши, башкача айтканда элдин 49,07% катышты. Ушул эле күнү парламент депутаттарынын санын кыскартуу боюнча референдум да өттү. Шайлоочулар кийинки шайлоодо депутаттардын санын 101ден 61 мандатка кыскартуу үчүн добуш беришти.

Шайлоо алдында ACUM кыймылынын эки мүчөсү, анын ичинде Санду ууландырылганын айтып чыгышкан. Ал эми "Фейсбукта" шайлоо тууралуу бурмаланган маалыматтарды тараткан жасалма аккаунттар алып салынган.

Добуш берүүгө эки күн калганда Москва бийликтеги Демократиялык партиянын лидери аралашкан акча адалдоо схемасы боюнча тергөө башталганын жарыялады. Кээ бир аналитиктер Орусиянын добуш берүү алдындагы ушундай кадамын шайлоого таасир этүү аракети деп сыпатташат. Парламенттин төрагасы Андриан Канду Орусия шайлоого таасир этүүнү көздөйт деп ачык эле билдирген.

Молдованын премьер-министри, Демократиялык партиянын мүчөсү Павел Филип айрым өнүгүүлөрдү Москванын “шайлоо кампаниясына кийлигишүүсү” катары баалоого болоорун белгиледи.

Орусия калкынын саны 3,6 миллион болгон мурдагы советтик жумуриятты 95 процентке жаратылыш газы менен камсыздап келет. БУУнун чакырыктарына карабай Приднестровьеде орусиялык аскерлер жайгаштырылган.

Бирок Молдова 2014-жылы Еврошаркет менен ассоциациялык келишимге кол койгондон бери Москва менен Кишиневдун мамилелери сууп кетти. Орусия молдовалык айрым товарларга эмбарго салган. Азыр өлкө экспортунун 70 проценти Евробиримдикке багытталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG