Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:09

Молдова: оппозициянын чуулгандуу дооматы


ACUM саясий блогунун лидерлери Майя Санду жана Андрей Нэстасе (ортодо).
ACUM саясий блогунун лидерлери Майя Санду жана Андрей Нэстасе (ортодо).

Молдовада парламенттик шайлоого саналуу күн калганда оппозициянын эки лидери ууландырылганын айтып чыкты. Алар "бизди өлтүргүсү келет" деп бийликти айыпташты. Молдованын бийликтеги партиясы оппозиционерлердин билдирүүсүн дароо четке какты.

Молдовада "учур чак" деген маанини берген ACUM аттуу саясий блоктун тең төрагалары Майя Санду жана Андрей Нэстасе бейшемби күнү чуулгандуу билдирүү жасашты.

Алар Кишинёвдогу басма сөз жыйынында өздөрүн оор металлдар менен ууландыруу аракети болгонун, муну медициналык анализдер күбөлөп турганын жарыялашты. Бирок оппозиция лидерлери аларды качан, кандай жол менен ууландырышканын билбегенин айтышты.

- Биз дарыланып чыктык. Дарылоо курсу кандагы оор металлдын өлчөмүн азайтууга жардам берди. Бир аз убакыттан кийин да жаңы анализ зыяндуу заттын көлөмү кайра көбөйгөнүн көрсөттү. Дарыгерлер "бирөөлөр кийлигишпегенде мындай уулануу болмок эмес" деп айтышты. Азыркы өкмөттүн "кооптонуу жаратат" деген адамдарга кандай мамиле кыларын эске алганда шектенүү бар. Бул окуяга олуттуу маани берилиши керек, - деди Майя Санду.

ACUM саясий блогунун лидерлери катышкан саясий талкуу, Кишинёв, 25-январь 2019-жыл.
ACUM саясий блогунун лидерлери катышкан саясий талкуу, Кишинёв, 25-январь 2019-жыл.

Европачыл деп мүнөздөлгөн ACUM саясий блогунун тең төрагалары оппозициянын дагы бир нече өкүлүн ууландыруу аракети болгонун айтышып, ал үчүн бийликтеги батышчыл Демократиялык партияны жана анын лидери Владимир Плахотнюкту күнөөлөштү.

- Биз өкмөтүбүздүн кара ниет чабуулунун бутасына кабылдык. Бийлик биздин өлүмүбүздү каалайт. Албетте, алар бизди Орусиядагыдай көчөдө атып сала алышпайт. Бирок бул бандиттер бийликте кала берсе, андай күн да алыс эмес. Алар оор металлдарды колдонуп, биздин саламаттыгыбызга залал келтирди. Ал үчүн сымапты колдонушкан, - деп билдирди саясий бирикменин тең төрагасы Андрей Нэстасе.

Деген менен бийликтеги партия алардын шайлоого үч күн калганда жарыяланган айыптоосун дароо четке какты.

- Тилекке каршы шайлоо өнөктүгү кээде акылга сыйбагандай деңгээлде чектен чыгып кетип жатат. Соңку бир канча күндө түшүнүксүз айыптоолор айтылууда. Алар барган сайын фантастикага окшошуп баратат, - деп билдирди Демократиялык партиянын басма сөз өкүлү Виталий Гамурарь.

Бийликтеги Демократиялык партиянын лидери Владимир Плахотнюк партиялаштарынын алдында сүйлөп жатат, 25-январь 2019-жыл.
Бийликтеги Демократиялык партиянын лидери Владимир Плахотнюк партиялаштарынын алдында сүйлөп жатат, 25-январь 2019-жыл.

Ууландырылганын айткан эки оппозиция лидеринин өз партиялары бар. Бирок алар 24-февралга белгиленген парламенттик шайлоодо бийликтеги Демократиялык партияга жана Орусияга ыктаган Социалисттер партиясына каршы туруу үчүн күчүн бириктиришкен.

ACUM саясий блогу Молдованын демократтарды "коррупцияга баткан" деп сындап, социалисттерге да каршылыгын билдирип келет. Алар парламентке өтүп калышса, жогорудагы эки партия менен коалиция түзбөй турганын айтышууда.

Кантсе да сурамжылоолор парламенттик шайлоодо бир дагы партия алдыга озуп чыга албай турганын көрсөтүүдө. Жекшембидеги добуш берүүдөн кийин саясий чыр-чатак күчөбөйбү деген кооптонуулар да жок эмес. Молдованын Орусияга ыктаган президенти жана Социалисттер партиясынын мурдагы жетекчиси Игорь Додон бул аптада тарапкерлерине кайрылып, эгер Демократиялык партия бийликте түрдүү айла-амал менен калууга аракеттенсе, анда массалык акцияларга чыгуу зарыл экенин айтты.

Кезинде СССРге мүчө болгон Молдова Украина менен Румыниянын ортосундагы Европанын эң жакыр өлкөлөрүнүн бири. 2014-2015-жылдары үч банктан 1 миллиард доллар кымырылып кеткени ачыкка чыккандан бери Молдова саясий кризистен башы чыкпай келет.

Ал жаңжал өлкөдөгү батышчыл күчтөрдүн кадыр-баркына доо кетирип, былтыр Европа парламенти Молдованы "олигархтардын барымтасында калган мамлекет" деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG