Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:23

Молдовада шайлоо чыры элди көчөгө чыгарды


Кишиневде жекшемби күнү 3-июндагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга каршы он миңдеген адам катышкан митинг өттү.

Буга чейин соттор жана Борбордук шайлоо комиссиясы оппозиция лидери уткан шайлоонун жыйынтыгын "жараксыз" деп тапкан. Демонстранттар бийликти Кишинёв шаарынын мэрин шайлоодо уткан Андрей Нэстасенин жеңишин таанууга чакырууда.

Жекшембидеги нааразылык акциясын батышчыл, оппозициялык партиялар жана жарандык активисттер уюштурду. Алар бийликти Кишинёв шаарынын мэрин шайлоодо уткан Андрей Нэстасенин жеңишин таанууга чакырууда.

Кишинев мэрин шайлоонун 3-июндагы экинчи айлампасында батышчыл талапкер, "Ар-намыс жана Чындык" платформасынын лидери Андрей Нэстасе 52,5 пайыз добуш алып, орусиячыл талапкер, Социалисттик партиянын өкүлү Иона Чебанды уткан. Бирок сот 19-июнда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, ага эки талапкер тең добуш берүү күнү элди үгүттөө үчүн социалдык медианы колдонгонун, мыйзам бузганын жүйө келтирген.

Бирок эл шайланган мэрге мандатын саясий жүйө менен бербей коюшту деп ойлошууда.

- Биз бул бандиттер жана мафиялар тобу Нэстасенин жеңгенин таануусун талап кылабыз. Биз анын мэр болушун каалайбыз. Биз акыйкаттык жеңишин каалайбыз, - деди Кишиневдин тургуну Георгий Йосу.

1-июлдагы митингдин катышуучулары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганы үчүн Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин ачууну да талап кылышты. Демонстранттар “Мафия жоголсун!” деп кыйкырып, туура эмес чечим чыгарды деген судьялардын сүрөттөрүн кармап турушту. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну 25-июнда Молдованын Жогорку соту да колдогон.

Жогорку соттун шайлоо жыйынтыгын "жараксыз" деп тапкан чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы 29-июнда бекиткен. Кишиневдун тургуну Сергиу Литвиненко шайлоону жокко чыгаруу Конституцияга каршы деп эсептейт:

- Кишиневдун мэрин шайлоону жокко чыгаруу Конституцияга каршы келет. Бул чечим мыйзамсыз жана Молдовада демократиянын күнү бүткөнүн көрсөтөт. Эч бир мыйзамдуу берилген добуш жараксыз болуп же четке кагылбашы керек.

Кишинев мэрин шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын АКШ жана Евробиримдик да катуу сындаган.

25-июнда Вашингтондо Молдованын премьер-министри Павел Филипп менен жолуккан кезде АКШнын мамлекеттик катчы Майк Помпео "шайлоо элдин эркин көрсөтүшү керек жана анда саясий кийлигишүү болбошу зарыл" деген оюн билдирген.

АКШнын мамлекеттик департаменти 28-июнда тараткан билдирүүсүндө "соттун буга чейин болбогондой жана негизсиз чечими Молдовадагы мыйзам үстөмдүгүнө жана демократияга зыянын тийгизет" деп эскерткен.

Оппозиция лидери, шайлоодо 52 пайыз добуш алган Андрей Нэстасе эң башкысы бул иште Молдова эли эркин көсөтүшү керек деп эсептейт.

- Батыштын Молдовадагы элчиликтеринин, АКШнын мамлекеттик департаментинин, Румыниянын элчилигинин, Евробиримдиктин делегацияларынын, цивилизациялуу дүйнөнүн, дегеле биздин өнөктөштөрүбүздүн реакциясы жакшы болду. Бирок мен эң башкысы, Молдованын элинин реакциясы керек деп ойлойм. Мына ушул нерсе бул кылмыштуу бийликке так жооп болмок.

Андрей Нэстасе.
Андрей Нэстасе.

​Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча кайра шайлоого жарыяланбай турганын билдирген. Ошентип маселе туңгуюк абалда турат. Оппозиция өкүлдөрү болсо адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга ниеттенишүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG