Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

Молдованын багытын аныктаган шайлоо


Молдовада парламенттик шайлоо болду. Бул өнөктүк Чыгыш Европадагы чакан мамлекеттин болочок багытын аныктамакчы.

Сурамжылоолор президент болгонго чейин Игорь Додон жетектеп келген Социалисттик партия добуштардын көбүн алууга жетишерин болжолдогон. Бирок орусиячыл социалисттер парламентте басымдуу көпчүлүккө ээ боло алышпайт көрүнөт.

Аларга атаандаш болуп европачыл ACUM коалициясы жана Демократиялык партия чыгышкан. Демократтар Орусия жана Батыш менен мамилелерди тең салмактоого үндөгөн жападан жалгыз партия.

Саясий партиянын бири да өкмөт куруу үчүн жетиштүү мандат ала албайт деп күтүлгөндүктөн байкоочулар шайлоодон кийин өлкөдө саясий бейстабилдүүлүк орношу мүмкүн деп чочулашат.

- Бир да партия парламенттик көпчүлүккө жете албаса, андай көпчүлүктү куруу аракеттери көрүлмөкчү. Бирок эмки айларда эрте добуш берүү өткөрүү ыктымалдыгы жогору, - деди президент Додон жекшембиде.

Орусиячыл жикчил Приднестровье аймагындагы эки айылдын тургундары “Азаттык” радиосунун Молдова редакциясынын кабарчылары менен маектешкенде аларды аймактан атайын автобустар менен ташып чыгып, бюллетень ыргытышса, акча аласыңар деп убада беришкенин айтышты. Приднестровье жумуриятынын өзүндө шайлоо уюштурулган эмес.

Дагы бир шайлоочулар аларды социалисттерге добуш берүүгө үндөп келишкенин билдиришти. Социалисттер менен демократтар бири-бирин добуштарды сатып алышууда деп айыпташты. Шайлоо комиссиясы дооматтарды иликтеп чыгаарын айтууда.

ACUM коалициясынын төрайымы Майя Санду бул шайлоону эң демократиялуу эмес өнөктүк деп атады:

- Бул шайлоо буга чейинкиден да бурмаланса, биз добуштарыбызды коргойбуз. Бул биздин гана колубуздан келет, себеби мамлекеттик органдар тилекке каршы режим тарапта, биз аларга ишене албайбыз.

Шайлоо алдында ACUM кыймылынын эки мүчөсү, анын ичинде Санду ууландырылганын айтып чыгышкан. Ал эми "Фейсбукта" шайлоо тууралуу бурмаланган маалыматтарды тараткан жасалма аккаунттар алып салынган.

Добуш берүүгө эки күн калганда Москва бийликтеги Демократиялык партиянын лидери аралашкан акча адалдоо схемасы боюнча тергөө башталганын жарыялады. Кээ бир аналитиктер Орусиянын добуш берүү алдындагы ушундай кадамын шайлоого таасир этүү аракети деп сыпатташат. Парламенттин төрагасы Андриан Канду Орусия шайлоого таасир этүүнү көздөйт деп ачык эле билдирди.

Молдованын премьер-министри, Демократиялык партиянын мүчөсү Павел Филип айрым өнүгүүлөрдү Москванын “шайлоо кампаниясына кийлигишүүсү” катары баалоого болоорун белгиледи.

Орусия 3,6 миллиондуу мурдагы советтик жумуриятты 95 процентке жаратылыш газы менен камсыздап келет. БУУнун чакырыктарына карабай Приднестровьеде орусиялык аскерлер жайгаштырылган.

Бирок Молдова 2014-жылы Еврошаркет менен ассоциациялык келишимге кол койгондон бери Москва менен Кишиневдун мамилелери сууп кетти. Орусия молдовалык айрым товарларга эмбарго салган. Азыр өлкө экспортунун 70 проценти Евробиримдикке багытталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG