Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Игорь Додон жана Майя Санду.
Игорь Додон жана Майя Санду.

Коронавирус күнүгө 1300дөн ашык адамдан аныкталып, илдет күчөп турган маалда 15-ноябрь күнү Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.

1-ноябрда өткөн шайлоодо учурдагы президент, орусиячыл Игорь Додон (36,16%) жана анын башкы атаандашы, батышчыл саясатчы Майя Санду (32,61%) шайлоочулардын 50% ашыгынын добуш ала алган эмес.

Шайлоонун биринчи айлампасында шайлоочулардын катышуусу 42,76% гана түзгөн. Эң төмөнкү добуш берүү 25 жашка чейинки жаштар арасында болду.

Молдовада 2 143 шайлоо участкалары ачылды. Анын ичинде Днестрдин сол жээгинде добуш берүүгө укугу бар жарандар үчүн 42 жана чет өлкөлөрдө дагы 139 добушкана ачылды. Алардын көпчүлүгү Италияда (30), Орусияда (17), Румынияда (13) жана АКШда (12).

3,5 миллиондой калкы бар Молдова Европадагы эң жакыр, саясий тиреш токтобогон, ошондой эле Орусия менен Батыштын атаандаштык аянтчасына айланган мамлекет деп саналат.

XS
SM
MD
LG