Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Игорь Додон жана Майя Санду
Игорь Додон жана Майя Санду

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтмөй болду. 1-ноябрда өткөн шайлоодо орусиячыл учурдагы президент Игорь Додон жана анын башкы атаандашы, батышчыл саясатчы Майя Санду шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгынын добуш ала алган жок.

Добуштардын 99 пайыздан ашыгы саналып бүткөн соң өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Санду 36.1 пайыз, ал эми Додон 32,66 пайыз алганын жарыялады.

Майя Сандунун алдыга чыкканы күтүүсүз болду, анткени алдын-ала сурамжылоолордо Игорь Додон алдыда келе жатканы айтылган.

2016-жылдагы президенттик шайлоодо Додон экинчи айлампада Сандуну жеңип алган.

3,5 миллион адам жашаган Молдова Европадагы жакыр өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдө Орусияны колдогондор жана Батыш менен жакындоону жактагандар болуп айырмачылык ачык сезилет.

Экинчи Дүйнөлүк согушка чейин Молдованын аймагынын бир топ бөлүгү Румынияга караштуу болгон. Ошондуктан Молдованын калкынын көпчүлүгүн этникалык румындар түзөт.

Дүйнөлүк банктын экономисти, Молдованын мурдагы премьер-министри Майя Санду коррупцияга каршы күрөш жүргүзөрүн жана Европа Биримдиги менен мамилени чыңдарын убада кылып жатат.

XS
SM
MD
LG