Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Алматыда шайлоо реформасын талап кылып чыгышты


Алматы шаары. 31-октябрь.
Алматы шаары. 31-октябрь.

31-октябрда Алматы шаарында бийликтен саясий реформаларды жасоону жана куугунтукту токтотууну талап кылган митинг өттү. Акциянын уюштуруучулары ар кайсы шаарда абактарда каза болгон, кармалган, камалган жана айыппулга жыгылган ондогон адамдын тизмесин окушту. Ошондой эле активисттер шайлоо системасын кайрадан карап чыгууну талап кылышты. 10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Алматы шаарындагы митингдин катышуучулары жаңы саясий реформаларды талап кылып, репрессияны токтотууга чакырышты. Анын ичинде парламентке аралаш шайлоо системасын киргизүүнү, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жетектеген Коопсуздук кеңешин реформалоону талап кылгандар болду.

Активисттердин бири Берикбол Садыбай парламенттик шайлоону калыс өткөрүүнүн жолун сунуш кылды:

«Конституциядан президенттик кызматты алып салып, анын ордуна парламенттик башкарууну калтыруу керек. Ошондо гана адилеттүүлүк жана теңдик орнойт. Бизге диктатордун кереги жок. Президентке жакшы адам келсе деле, ал бара-бара диктаторго айланат экен».

Митингдин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.

500 адамга уруксат берилген митинг Алматынын Чокан Валиханов гүлбакчасынын маңдайында, Илимдер академиясынын алдында өттү. Катышуучулардын көбү казактын желегин, укук коргоочулар «саясий туткундардын» сүрөттөрүн кармап чыгышкан. Митингге карапайым жарандар менен бирге коомдук ишмерлер, журналисттер жана саясатчылар катышты.

Коомдук ишмер Канагат Такеева митингде сүйлөп жатып сөз эркиндигинин камсыздалышын талап кылды.

«Биз эркин Казакстан үчүн ушул жерде турабыз. Силер өзүңөрдү кулбуз деп эсептейсиңерби? Жок, кул эмеспиз. Бир эркин элбиз. Эгерде бул өлкө демократиялуу болсо анда президент эл менен жолугушууга тийиш. Биз сөз эркиндигин талап кылабыз. Бийлик элге өтүшү керек».

Алматыдагы митингде соттун чечими менен «экстремисттик» деп табылган «Көчө партиясы» кыймылын расмий каттоо талабы да жаңырды.

«"Көчө партиясы" каттоодон өтсүн. Шайлоого кошулсун. Бүгүн адамдарды биринин артынан бирин кармап атышат. Эртең силерди да кармап кетиши мүмкүн. Бул көрүнүш качан токтойт?».

Казакстандын желеги менен митингге катышкан жаран.
Казакстандын желеги менен митингге катышкан жаран.

Ал эми акциянын резолюциясын мурунку депутат Зауреш Батталава окуду. Анда ал шайлоого талапкерлерди каттоо жараянынын жеңилдетилишин, добуш берүү системасын кайрадан карап чыгууну жана Казакстандын Бордордук шайлоо комиссиясынын жетекчисин кызматтан кетирүү талабы коюлган.

«Шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, партия мүчөлөрүнүн санын 20 миңден беш миңге чейин түшүрүүнү талап кылабыз» деди Зауреш Батталова.

Ал арада эл чогулган жерде аялдын кийимин кийген эркектер келип көңүлдү башка жакка бурууга аракет кылышкан. Алар трансгендерлердин укугун коргоп чыкканын айтышкан. Андан соң митингчилер менен мушташ чыгып, Алматы акимиатынын өкүлү Айдар Эсенбеков чогулгандарды токтоосуз тарап кетүүгө буйрук берди.

«Митинг болгон жерди бошотуп берүүңөрдү суранабыз. Тез арада иш-чараны токтотуп, таркап кетиңиздер».

Акимиаттын өкүлүнүн чакырыгына кулак салбаган ондогон митингчи аянтта калды.

Жекшембиде Казакстандын ар кайсы шаарларында активисттер кармалып, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөнү кабарланган. Активисттерге коркутуу болуп, милицияга чакырылган. «Qaharman» укук коргоо кыймылы 26-октябрдан 30-октябрга чейин он шаарда кеминде 37 адам кармалганын билдирди. Коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги тинтүүлөр жана кармоо боюнча маалымат берген эмес.

Ал арада Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген. Мыйзамга ылайык, Мажилистин депутаттары партиялык тизме менен шайланат.

Акыркы айларда коомчулукта шайлоого бойкот кылууга чакыргандар күч алган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG