Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Багы байланган Жогорку Нарын каскады


Жогорку Нарын ГЭСтер каскады.
Жогорку Нарын ГЭСтер каскады.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров «Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын кура баштайбыз» деп билдирди. Бирок ал бул ири долбоор инвестордун эсебинен ишке ашабы же мамлекет өзү курабы деген суроо ачык бойдон калды.

Ошентсе да Жапаровдун мындай билдирүүсү коомчулукта түрдүү пикир жаратып жатат. Эксперттер бул энергетикалык объектиге байланыштуу соттук териштирүү бүтө электе жана бюджеттин таңкыстыгы күчөп турганда ГЭС сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин айтышууда.

«Электр энергиясындагы чектөөлөр алынат, ГЭС курулат»

Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына барды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаровго Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын бүгүнкү абалы жана анын тегерегиндеги соттук териштирүү тууралуу жеринде маалымат берди.

Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадында. 2020-жылдын 9-ноябры.
Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадында. 2020-жылдын 9-ноябры.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Нарын шаарында эл менен жолугушуу учурунда бул ГЭСтер курула баштай турганын жарыялады. Бирок курулушту инвестор курабы же мамлекеттин эсебинен ишке ашабы, аны ачык айткан жок.

«Кудай буюрса муну кура баштайбыз. Анткени биз өзүбүз электр энергиясын чыгарган, суунун башында турган өлкө болуп туруп кыштын күнү, тескерисинче, аны кошуна өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Быйыл да сатып алат экенбиз. Башка өлкөлөрдөн сатып албаш үчүн биз ГЭСтерди тез аранын ичинде курушубуз керек», - деди ал.

Жапаров Нарындагы жолугушууда электр энергиясынын баасына да кенен токтолду:

«Электр энергиясы боюнча маселе бар. Бул боюнча мен тиешелүү министрликтерди, адистерди, көз каранды эмес адистерди топтоп, «электр энергиясындагы чектөөлөрдү алып койсок кандай болот» деп 10 күн мурун тапшырма бердим. Кечээ жакында эле бул маселени кайра тактадым. Бул кышта эмес, жаздан баштап чектөөлөрдү алсак болот экен. Азыр деле алсак болот эле, бирок эл деген эл. Чектөөлөрдү алып койсок, жарыкты үнөмдөп отургандар көмүрдү таштап туруп, жапырт электр энергиясына өтүп кетет. Анда араң иштеп жаткан электр жабдыктары бузулуп, линиялар жарактан чыгат. 30 жыл чыдадыңар, эми бир кыш чыдап койгула. Кийинки жылдын май айынан баштап сөзсүз чектөөлөрдү алабыз».

Багы ачылбаган ГЭС

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 2012-жылы Орусия менен келишим түзгөн. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» салмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирген. Орус тарап 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган.

Кыргыз тарап долбоорго мындай суммадагы каражат сарпталганынан күмөн санагандыктан эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылган.

Андан бери эл аралык сотто экспертиза аягына чыга элек. Быйыл май айында Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги жетекчиси Айтмамат Кадырбаев арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.

Ошентип, 2014-жылы курулушу башталган ГЭСтин долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. Объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.

Кийинчерээк Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга Кытайдын, Индиянын, Орусиянын жана араб өлкөлөрүнүн инвесторлору кызыгып жатканы айтылган.

«Улуттук энергохолдинг» акционердик коомунун мурдагы төрагасы Айтмамат Назаров буга чейинки аткарылган иштер тууралуу маалымат берди:

Айтмамат Назаров.
Айтмамат Назаров.

«Бул ГЭСтин долбоору даяр, иши башталган. Аны куруп бүтүрүү Кыргызстан үчүн маанилүү. Буга чейин бир нече сунуштар болгон. Аны биз талдап-тактап жатканбыз. Бирок «Русгидро» менен маселе толук чечиле элек. Ошол маселе чечилгенден кийин гана инвесторлор менен конкреттүү сүйлөшүүлөргө барсакпы деген оюбуз бар болчу. Учурда мен кызматымды өткөрүп бердим. Менин ордума башка жетекчи келди. Азыр кандай кылып жатышканы тууралуу кабарым жок. Ал эми ГЭСти курганга каалоо жана каражат болсо эле ишти кайра жандантса болот. Бирок мамлекет карыз алып эмес, түз инвестициянын эсебинен курушу керек».

Баштапкы долбоор боюнча Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭС 2018-жылы толук салынып бүтмөк. Биринчи агрегат 2016-жылы ишке берилмек жана кеминде 2000дей адам жумуш менен камсыз болмок. ГЭСтердин кубаттуулугу 237,7 мВт деп эсептелген. Жылына орто эсеп менен бир млрд. кВт саатка жакын электр энергиясын өндүрөрү айтылган. Алар Ысык-Көл жана Нарын облустарын электр энергиясы менен толук камсыз кылат деген үмүт болгон. Башында ГЭСтерди курууга кеткен чыгым 400 млн. долларга бааланган. Кийинчерээк баалар көтөрүлдү, айрым бир техникалык жагдайлар кошулду, өндүрүлө турган электр энергиясы көбөйдү деген жүйө менен баасы 700 млн. доллардан ашып кеткен.

Инвестордун келиши күмөн

Айрым талдоочулар бул долбоорлор геосаясий кызыкчылыктарга көбүрөөк байланганын айтып, мындай шартта Кыргызстан аны өз алдынча курууга киришкени туура деп эсептешет. Бирок андай кадамга мүмкүнчүлүк жок экенин айткандар да бар.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Райымбек Мамыров ГЭС куруунун күңгөй-тескейин мындайча чечмеледи:

«Биринчиден, «Русгидро» менен маселе толук чечиле элек. Экинчиден, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады мамлекеттин эсебинен курулабы же инвестор ишке ашырабы деген суроого токтолсок. Кыргызстан өзү курат деген акылга сыйбайт. Анткени республиканын экономикалык абалы кандай экени баарына маалым. Бюджеттин тартыштыгы 38 млрд. сомго чыкты деп айтылып жаткан маалда мамлекет өзү курат дегени - шайлоонун алдында элдин башын айлантуу. Ал эми тышкы инвестордун эсебинен курулат десек, Кыргызстандын карызы 4,8 млрд. доллардан ашып кетти. Ошондуктан мамлекеттин кепилдиги менен карыз алып курабыз деп айтышка болбойт. Кыргызстанга эч пайдасы тийбеген шарттар менен түз инвестор келиши мүмкүн. Мындан тышкары ал ГЭС курулуп бүткөн мезгилде да ал жерден өндүрүлгөн электр энергиясынын баасына сереп салыш керек. Мурдагы долбоор боюнча Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынан өндүрүлгөн электр энергия (бир кВт) беш центтен ашып жаткан. Ошондой баа менен электр энергиясын өндүргөн курулуштун кереги барбы-жокпу, талдап көрүш керек. Азыркы баа эки центке жетпейт. Инвестор муну да ойлойт да».

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Чаткалдагы жана Ала-Букадагы кен казган компаниялардын иши токтоп турат.

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов азыр инвесторлор өлкөдөгү кырдаалга баам салып турганын белгилеп, аларга деле үмүт артуу мүмкүн эмес экенин айтты:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Азыр бизге инвестор келбейт. Президенттик шайлоо бүткөндөн кийин келиши мүмкүн. Инвесторлор азыр карап турат. «Ким болот, кандай саясат жүрөт?» деп күтүп жатышат. Жаңы келген бийлик алардын коопсуздугуна кепил болуп бериши керек».

Орусиянын компаниясынан кийин 2017-жылы кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын каскадын жана он чакан ГЭСти курмакчы болгон чехиялык «Лигласс Трейдинг» компаниясы менен макулдашкан. Бирок бул долбоор да ишке ашпай калган. Ага «Лигласстын» ГЭС курууга акчасы жок экени ачыкка чыгып кеткени себеп болгон.

Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай өлкө катары таанылган. Советтик илимпоздор Кыргызстандагы Нарын дарыясы баш болгон ири суу бассейндерине 60тан ашуун ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин изилдеп чыгышканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG