Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Бишкек - Москва: Ишке ашпаган келишимдер


Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук (солдо) жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев (оңдо) кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын жыйынында. Бишкек шаары. 22-сентябрь, 2020-жыл.
Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук (солдо) жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев (оңдо) кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын жыйынында. Бишкек шаары. 22-сентябрь, 2020-жыл.

22-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт аралык комиссиясынын 22-жыйыны өттү. Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча маселелер каралды. Ошол эле маалда эки өлкө ортосунда ондогон келишим кагаз бетинде калган боюнча турат.

Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын 22-жыйынында эки тараптуу кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев жыйындан кийинки брифингде берген маалыматына караганда, протоколго ылайык, тараптар энергетика жана гуманитардык багыттагы кызматташууга жетишти:

«Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында бир катар эки тараптуу келишимдерге жетиштик. Энергетика жаатында: Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасы менен Орусиянын «ИнтерРАО» ишканасынын кызматташтык келишими. Ошондой эле күндөн энергия алуучу батарейкалардын пластинкаларын биргелешип өндүрүү боюнча долбоорго кол коюлду. Мындан тышкары Кыргызстандагы кен байлыктарды изилдөө «Росгеология» ишканасы менен макулдашылды».

Ошондой эле Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын «Роспотребнадзор» ишканасы пульмонология боюнча илим изилдөө институтун түзүүнү сүйлөштү.

22-сентябрдагы жыйында тараптар быйылкы пандемия шартында эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуунун өсүшү төмөндөп, инвестициянын көлөмү азайганын белгилешти. Бул көрсөткүч тараптардан мындан ары көбүрөөк иштөөнү талап кылары айтылып, кенемтени толтуруу үчүн онлайн бизнес-форум өткөрүү макулдашылды.

Брифинг учурунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Орусия тарапка коронавирус пандемиясы жана карантиндик чектөөлөр учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми орусиялык делагациянын жетекчиси Алексей Оверчук Орусия Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш катары көрөрүн белгилеп, дайыма кызматташууга даяр экенин айтты.

«Бүгүнкү күнү Орусиядагы окуу жайларында 16 миңден ашуун кыргызстандык студент окуп жатат. Алардын ичинен 6,5 миң студент Орусиянын бюджетинин эсебинен окуйт. Кыргызстандагы Славян университети аркылуу да биз силер менен тыгыз байланыштабыз. Коронавирус пандемиясына байланыштуу биздин кызматташтык онлайн ишке ашып жатты», - деди Оверчук.

Орус өкмөт башчысынын орун басары ошондой эле учурда Орусияда коронавируска каршы вакциналардын түрү иштелип чыкканын белгилеп, вакцина менен камсыз кылууда Кыргызстанга артыкчылык берилерин билдирди. Бул маалыматты Алексей Оверчук Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда да айткан.

22-сентябрдагы жыйында айыл чарбасы, өнөр жай товарларынын экспорт-импорту, энергетикалык маселелер, газдын баасы тууралуу сөз болду. Мындан тышкары Кыргызстандын азык-түлүгүн сыртка экспорттоодо сертификат берүүнү автоматташтырган система менен көзөмөлдөө тармагын интеграциялоо боюнча келишим түзүлдү. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Кумар Исаковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул документ аткезчиликке бут тосот:

«Сертификат берүүнү автоматташтырган система менен көзөмөлдөө тармактагы аткезчиликти токтотот. Товардын кайда кетип жатканы бүт ачык болот. Орусия бизди, биз аларды көзөмөлдөй алабыз. Сертификаттарды электрондук тартипте жүргүзүүдө, лабораториялык жабдууларды алууда, биздин адистерди окутууда бардык учурда Орусия бизге жардам берди».

Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт аралык комиссиясынын 22-жыйыны Кыргызстан менен Орусиянын пандемия башталгандан берки эки тараптуу кызматташтыктын кеңири катмарын камтыган чоң жолугушууларынын бири.

Иштебеген келишимдер

Былтыр жазында Бишкекте өткөн кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик жыйынында 6 млрд. 135 млн. долларлык макулдашуулар түзүлгөн. Анда кол коюлган инвестициялык жана соода макулдашуулары, келишимдер, меморандумдар, жол карталары жалпысынан 53тү түзөт. Анын 35и кызматташуу боюнча инвестициялык документтер жана суммасы 5 млрд. 514,7 млн. долларды түзөт. Мунун экөө энергетика (2,5 млрд. доллар), үчөө жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өнөр жайы (2,5 млрд. доллар), бешөө өнөр жай (537,5 млн. доллар), 17си соода логистикасы, айыл чарба жана агрардык комплекстер (497,2 млн. доллар), экөө транспорт (100 млн. доллар), төртөө финансылык кызматташуу (100 млн. доллар) жана экөө маалымат-коммуникациялык (50 млн. доллар) багыттарда.

Соода алакасы тууралуу келишимдердин саны - 18, суммасы - 620,16 млн. долларды түзөт. Анын ичинен 13ү айыл-чарба азыктарын ташуу боюнча (88,36 млн. доллар) жана бешөө өнөр-жай өндүрүмүн жеткирүү боюнча (531,8 млн. доллар). Азырынча бул макулдашуу-келишимдердин канчасы иштеп жатканы тууралуу так маалымат жок.

Айрым эксперттер Орусия менен «Жогорку Нарын каскады», «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу жана башка бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлүп, бирок аягына чыкпай калган учурлар көп экенин айтып келишет.

Саясатчы Өмүрбек Абдырахманов Орусия өзүнүн пайдасыз долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар эмес деген пикирин «Азаттыкка» билдирди:

«Орусия менен биз эки тараптуу гана мамлекеттик келишимдер менен жашасак жакшы болмок. Анткени биз өзүбүзгө керектүү келишимдерге макул болуп, тең ата мамиледе боло алмакпыз. Бирок, биз Орусия менен саясий мамиле жасоодо этияттык кылуу керек деп жүрүп, ЕАЭБдин карамагына кирдик. Биримдикке кошулган соң андан экономикабызды өстүрө турган жолдорун издөөдөн көрө, биздин бийлик Орусиянын көзүн карап, алардын саясатын колдоо менен гана алек болуп жүрөт. Ал эми Орусиянын өзү үчүн пайдасыз долбоорлорго көп акча сарптап, ишке ашыруунун аларга кызыкчылыгы жок».

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, «РусГидро» сөз болуп жаткан эки энергетикалык объектини курмак. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсацияланган. Орусия каскаддагы курулушка 37 миллион доллар жумшап жибергенин, Кыргызстан бул акчаны кайтарып бериши керек экенин айткан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG