Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 23:16

Өкмөт аэропортторду жеке колго бермей болду


«Манас» эл аралык аэропорту.

Өкмөт Кыргызстандын аэропортторун жеке колго берүү демилгесин кайрадан көтөрүп чыкты. Бул жолу да «Манас» жана ага караштуу аба майдандарды чет элдик башкарууга өткөрүү каралып жатканы айтылды.

Мындан беш-алты жыл мурда бийлик аталган мүлктү орусиялык компанияларга берүүнү сунуштаган. Анда бир тарап колдоп, каршы чыккандар митинг өткөргөн.

Жаңы сунуштун изи

Экономика министрлигинин, Жарандык авиация агенттигинин жана «Манас» эл аралык аэропортунун өкүлдөрүнөн куралган топ Бишкекте атайын басма сөз жыйынын өткөрүп, өкмөттүн аба майдандарды чет элдик башкарууга берүү демилгесин чечмелеп беришти.

Чогулгандар өлкөдөгү аэропортторду жаңылоо Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында башталганы турганын айтышты.

Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев буларга токтолду.

Данияр Абдылдаев.
Данияр Абдылдаев.

- Ошол стратегиянын алкагында 2023-жылга чейин кыргыз аэропортторун Орто Азиядагы транзиттик хабга айландыруу максаты бар. Бүгүнкү күндө бул инфраструктура жаңыланышы керек. Аэропортторду жаңылоо багытында долбоорлор ишке ашса, аба каттамында жүргүнчүлөрдү ташуу 30-40% өсөт деген күтүү бар. Ушунун алкагында өкмөттүн 2019-жылдын 12-февралындагы буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлүп, иш алып барууда. Мындай практика дүйнөдө көп өлкөлөрдө ишке ашкан. Мисалы, Орусияда Санкт-Петербург шаарындагы «Пулково» аэропорту мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми менен ишке ашырылган. Казакстанда Алматы аэропортун, Өзбекстанда Ташкент аэропортун эл аралык хабга айландыруу аракети жүрүп жатат. Биз да коңшу өлкөлөрдөн артта калбай, ушул тармакта алдыга чыгууну максат кылып жатабыз.

Абдылдаев Кыргызстандын аэропорттору кайсы өлкөнүн, кайсы компанияларына берилери азырынча тактала электигин, бул боюнча өнөктөш катары тандалып алынган Эл аралык финансылык корпорация (IFC) менен биргеликте иш жүрүп жатканын айтты.

Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев болсо «Манас» аэропортун инвестордун жардамы менен, эл аралык стандартка жеткирсе болорун айтты.

Курманбек Акышев.
Курманбек Акышев.

- Аэропортту жеке өнөктөштүккө берүүнүн максаты эмне? Ал инфраструктураны жакшыртуу. Ал жакшырса атаандаштык көбөйөт. Жогорку Кеңеш 2018-жылы «Ачык асман» же «Абанын бешинчи боштондугу жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Ошого ылайык келиш керек. Азыр биздин иш-чаралардын бардыгы ошого багытталган. Жаңы авиакомпаниялар келип, транзит аркылуу учуп, жүктөрдү алып өтүш үчүн документтерди арзандатуу менен алыш керек. Транзиттик каттамдар көбөйсө транзиттик залдар да чоң болушу керек. Бишкекте да, Ошто да ошол нерсе талапка туура келбейт. А азыр «Манас» эл аралык аэропортунун тапкан акчасы өзүнө жетпей, насыя алып иштегенге аргасыз болуп жатат. Келе турган инвесторлорго ушул боюнча талаптарыбыз бар. Алар чоң финансылык каражаттар менен келип, транзиттик залдарды куруп жана башка шарттарды жаратышы керек болот.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн аэропортторду чет элдик башкарууга берүү боюнча позициясы алгач 27-январдагы жыл жыйынтыктаган коллегияда белгилүү болгон. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аткарылган жөнүндө отчет берип, анын ичинде аба майдандарга сырттан инвесторлорду тартуу чараларына токтолгон.

- Биз «Манас» жана «Ош» аэропорттору менен бирге, анализдер чыкса буюрса ошону башкарууга берип, бүгүнкү күндөгү көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жана тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жол түзүлө турган болуп жатат.

"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

«Манас» ачык акционердик коому Кыргызстанда 11 аэропортко ээлик кылат. Анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо регионалдык. Функционалдык жактан тогузу иштеп жатат, экөөнүн сертификаты жок. Каржы жагынан «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропорттору гана кирешелүү болсо, калгандары дотацияда олтурат.

Өкмөт жеке колго ушунун береби, же кайсы бир бөлүгүн гана береби толук чече элек.

Кайра-кайра көтөрүлгөн маселе

Мындай караганда аэропортторду менчикке берүү тууралуу демилгелер жаңыдан чыга калган пикир эмес. Бул жөнүндө соңку он жыл ичинде эле бир нече жолу маселе көтөрүлдү.

2013-жылы Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган учурда, Бишкектеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешмеде аэропортторду орусиялык ишканаларга берүүгө кыргыз бийлиги кызыкдар экенин айткан. Мындан көп өтпөй эле «Манас» аба майданын сатууга тендер жарыяланып, ага сегиз компаниядан сунуш түшкөн.

"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

Анын ичинен чоңураак сумма сунуштаган Орусиянын “Роснефть” компаниясына таандык “Новапорт” ишканасы тандалып алынып, ага аэропортту сатуу боюнча меморандумга кыргыз өкмөтү 2014-жылдын башында кол койгон. Ал документке ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр, кийин өкмөттү жетектеген Жоомарт Оторбаев кол койгону белгилүү.

Бул коомчулукта бир топ каршылыктарды жаратып, саясатчылар Камчыбек Ташиев, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров баштаган Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкекте митинг да уюштурган. Алар бул кадам эгемендикти жоготууга алып баруучу чоң жаңылыштык экенин белгилешкен.

Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Манас» эл аралык аэропортун Орусиянын «Роснефть» компаниясына сатууну колдоп чыккан. Ал тургай Атамбаев «аба майданды сатууга каршы чыккандар анын келечегине балта чапкандар» деген пикирин телеканалдар аркылуу билдирген. Кийин «Роснефть» кыргыз аэропортун сатып алуудан өзү баш тарткан.

"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

2017-жылы өкмөттү Сапар Исаков жетектеп турган учурда Түркиянын “TAV Airports Holding” компаниясы менен эки жолу сүйлөшүү жүрүп, аягына чыкпай калган. Эми болсо Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин да маселе кайрадан ушул нукта өнүккөнү турат.

Бирок буга коомчулукта жана парламентте да каршылыктар аз эмес. Маселен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев караманча каршы чыкты.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Биринчиден, эгер Боронов «аэропортторду иштете албайбыз» десе анда кызматын тапшырсын. Ошондой эле Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси да кызматынан кетсин. Алар атайын мыйзам, өкмөттүн чечими менен ушул орунга дайындалган. Иштете алышпаса анда орундарын бошотсун. Эң оңою - сатып жиберүү, берип жиберүү. Экинчиден, эсиңиздерде болсо 1993-1996-жылдары мамлекеттик мүлктү талкалап, жок кылып, ошол учурдагы президент Аскар Акаев «менчикке өткөндөн кийин заводдор иштеп калат» деп айткан. Миңдеген объекттер сатылган, саналуусу эле иштеп калды. Калганы бүт баары талкаланып, же жер тилкеси катары сатылып, же базарларга айланып кетти. Ошондуктан азыр аэропортторду иштете албайбыз десе анда бир гана жол бар, анда өкмөт кетиш керек. Эмне үчүн сатыш керек аны? Алың жетпесе кет да. Түрктөрдү, кытайларды же түрктөрдү алып келебиз дегени эми жетишет го дейм. Аэропорт - стратегиялык объект. Ал коопсуздуктун борбору болсо аны чет өлкөлүктөргө бергенибиз туура эмес.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы аэропортторду дүйнөлүк ири компаниялар менен чогуу-чаран иштетүүнү колдогондор да бар. Алар бул аракет өлкөгүн авиациясында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын жана өнүгүүгө салым кошоорун билдиришет. Жактагандар береги ыкма туризмге да оң түрткү берерин айтышат.

Жергиликтүү ишкер, «Novotel Bishkek» мейманканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жоодар Сайдилкановдун экономикалык "Capital" долбооруна берген оюн угалы.

Жоодар Сайдилканов.
Жоодар Сайдилканов.

- Менин оюмча мамлекет тарабынан аэропорттор башкарылган өлкөлөр дүйнөдө аз эле. Бир он чакты өлкө болсо, ошонун бири - биз, Кыргызстанбыз. Бизге дүйнөдөгү бардык аба жолдору менен байланышы болгон компаниялар керек. Анан алар келип, биздин туризмди өнүктүрөт. Биздин дарбазабыз аэропорт, эгер ал жер начар болсо бизге эч ким кирбейт. Же дүкөн сыяктуу, кайсы дүкөн кооз болсо, кайсынын витринасы жарык болсо ошол жакка кардар барат да. Турист деле ошол сыяктуу.

Кантсе да Экономика министрлиги жана Транспорт министрлиги Кыргызстандын аэропортторун жеке өнөктөштүккө берүүгө даярдык иштери 2020-жылдын аягына чейин жүрөрүн кабарлоодо. Андан кийин гана сунуш мамлекеттик тиешелүү органдардын кароосуна жиберилет. Соңку чечим акционерлерге барып такалат.

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармалыгын төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов мындай дейт:

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коом болуп эсептелет. Башкача айтканда анын формасы азыр менчик түрүндө турат, ал менчик компания. Акциянын 79% Мамлекеттик мүлк фондуна таандык, 8% Социалдык фондго, 12% башка физикалык-юридикалык компанияларда. Кыргызстандагы «Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, башкарууну берүү укугу боюнча акыркы чечимди акционерлер жыйналышы гана кабыл алат.

Бирок мамлекеттин үлүшү көптүгүн эске алганда чечим кабыл алууда негизги укук баары бир өкмөттө болот.

"Ош" эл аралык аэропорту.
"Ош" эл аралык аэропорту.

Расмий маалыматтарга ылайык, "Манас" эл аралык аэропорту 2019-жылы 2 млрд. сомдун тегерегинде таза киреше менен чыккан. Мындан мамлекетке канча дивиденд түшкөнү азыр эсептелип бүтө элек. Бирок эгер ушундай эле кирешелүү 2018-жылы салык жана социалдык төлөмдөрдү эске албаганда, мамлекет 640 млн. сом түз дивиденд алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (85)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG