Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 21:03

"Түркиядагы эл аралык "TAV Airports Holding" компаниясы эмне үчүн “Манас”, “Ош” эл аралык аэопортторуна инвестиция салып, 26 жылга ээлик кылгысы келип жатат?" деген суроо коомчулукту өйдө-ылдый ойго салууда.

Өлкөнүн негизги аба дарбазаларын заманбап жаңыртуу, аймактагы ири авиахабга айландыруу кыргыз өкмөтүнүн колунан келбейби? Мамлекеттин стратегиялык объекттердин бирин чет өлкөлүктөргө берүү өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирбейби?

“Арай көз чарай” талкуусуна өкмөткө караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Эсенкул Момункулов жана Жаш ишкерлер бирикмесинин төрагасы Темирбек Ажикулов катышты.

“Азаттык”: Эсенгул мырза, коомчулукта "көзгө басар мамлекеттик стратегиялык жайыбыз – “Манас” эл аралык аэропортубуз, ага караштуу “Ош” аэпорттору - эмне үчүн, кандай негизде чет элдик компанияга бир нече жылга берилгени жатат? Кыргыз өкмөтү акча таап, өзү жасабайт беле?" деген чоң суроолор жаралууда...

Эсенкул Момункулов.
Эсенкул Момункулов.

Эсенкул Момункулов: Акыркы күндөрү ушул маселенин тегерегинде ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Бирок алардын көбү туура эмес, бурмаланган десек да болот. Биздин премьер-министрибиз кызматка келген күндөн бери өлкөнүн негизги аба дарбазасын реформалоо боюнча көп айтып келатат.

Бизге учуп келген туристтер, инвесторлор, дегеле жүргүнчүлөр узун-узун кезекке туруп, баш аламандык болуп келген. Аэропортту реформалоо дегенде көп маселе бар. Жүргүнчүлөрдү көбөйтүү, аларды тейлөөнү жакшыртуу сыяктуу көп иштер бар. Өкмөт башчыбыз эртең мененки саат беште аэропортко командасы менен барып, рейд да уюштурган, бир нече талаптарды койгон. Мен жакында сыртка чыгып келдим, аэропортто көп өзгөрүүлөр болуп жатат.

“Азаттык”: Демек "өзгөрүүлөр болуп жатса аэропортту модернизациялоону өкмөт өзү эле жасабайбы" деген суроо туулуп жатпайбы.

Эсенкул Момункулов: Бизден учак аркылуу жолго чыккан жарандар чет өлкөлөргө учканда башка өлкөлөргө барып, конуп-түнөп, көп убара тартышат. Анан эң негизгиси - биздин жарандар кымбат баада учат.

Биз азыр көп маселелерди талдап жатабыз. Дүйнөлүк тажрыйбаны карап, кайсы модел, кайсы вариант Кыргызстанга туура болот, караштырып жатабыз. Ошондон улам расмий түрдө айтарым - азыр бизде аэропортту кайсы бир жаранга же чет элдик бир эле компанияга бере коелу деген ниет жок. "Өзүбүз эмне үчүн кылбайбыз?" деген суроо туулуп жатат.

26 жылдан бери көп нерсени өзүбүз жасасак болмок, тилекке каршы, жарытылуу иш болгон жок. Аэропорттун азыркы жетекчилиги болсо "сегиз миллиард сом насыя алып ондойбуз" деп жатат. Ал насыя баарыбыздын моюнубузга илинген карыз да. Акчаны алган күндө да сапаттуу кызматты элге көрсөтө алууга кепилдик барбы?

Биз учурда Дүйнөлүк банк менен да сүйлөшүп жатабыз. Ушундай долбоорлорду ишке ашырган тажрыйбаларды изилдеп жатабыз. Ар бир долбоорду кесипкөйлөр ишке ашырса деген оюбуз бар. Жаңы өкмөт ишке киргенден бери жаңы фармациядагы адистер келди деп ишеним артып четтен келгендер арбын. Кызыкчылыгы бар компаниялар менен консультациялар, тегерек үстөлдөр, сүйлөшүүлөр болуп жатат. "250 миллиондон 1 миллиард долларга чейин инвестиция салабыз" дегендер бар.

Азыркы иштеп жаткан терминалдардан башка, жаңылары курулат. Ошто жаңы аэропорт салганга жер даяр турат. Азыр бизде бул маселе боюнча жумушчу топ түзулгөн. Биз бул тармакта иштеген дүйнөдөгү беш чоң компанияны тандап, алардын арасында тендер өткөрөлү деп жатабыз. Эч качан бир компания менен маселе чечилбейт.

“Азаттык”: Темирбек мырза, ириде сиз мекенчил кыргызстандыктын, анан ишкерликтин көзү менен караганда кыргыз өкмөтүнүн көзгө басар аэропортун чет элдик компанияга берүү ниетин кандай кабыл алдыңыз? Мунун кандай ысык-суугу болушу мүмкүн?

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

Темирбек Ажикулов: Эл аралык тажрыйбада бул көнүмүш көрүнүш. 1979-жылы Англиянын өкмөт башчысы Маргарет Тетчердин убагында "менчиктештирилген объекттерди жеке эле мамлекет башкара бербеши керек" деген маселе көтөрүлгөн. Ошондон бери дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мамлекет менен жеке менчик өнөктөш боло ала тургандыгы далилденип келатат.

Кыргызстанда да акыркы 25 жылда мамлекеттик мүлк жалгыз башкарылбай тургандыгы далилденди. Азыркы аэропортубуздун ушул күнгө чейин жакшыбы-жаманбы, иштеп келгенинин өбөлгөсүн америкалык авибазадан түшкөн акча түздү.

Аэропорттон учуп-келип көрүп жатабыз, көп көйгөйлөр бар, башкармалыгында көп маселе чечиле элек. Азыркы коюлуп жаткан маселе мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде чечилиши керек. Азыркы айтылып жаткан ТАV компаниясыбы же Түштүк Корея, Сингапурдун ири аэропорттору дүйнөдө ири, натыйжалуу моделдерди түзүп өздөрүн далилдешкен, абройлуу компаниялар көп. Мисалы, Стамбул аэропорту ошол эле TAVтын башкаруусунда.

TAV түркиялык компания эмес, көп чет өлкөлөрдүн үлүшү бар, бир нече банктар кирген, дүйнөдөгү ири беш компаниянын бири. Азыр Стамбулдагы салынып жаткан үчүнчү аэропорттун курулушун мамлекет жеке компанияга ишенип берген. Канча бир жылдан кийин мамлекетке өтөт. Мындай тажрыйбадан чочулоонун кажети жок, пайдаланышыбыз керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Аба майданын жаңылоо түйшүгү (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:50 0:00
Түз линк
Аба майданын жаңылоо түйшүгү (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:13 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG