Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

«Манастагы» жемкорлук иштин башаты


«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

Финансы полициясы "Манас" аэропортунда беш жыл мурдагы коррупциялык ири иштердин бетин ачканын жарыялады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен.

Кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

- Тергөөнүн жүрүшүндө 2014-жылы «Манас» аэропортунда жетекчилик кызматты ээлеген жоопкер адамдар кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттин жана ишкананын кызыкчылыгына жооп бербеген, зыяндуу келишимди жең ичинен түзгөнү аныкталды. Мунун негизинде дээрлик банкрот болгон, чыгашалуу «Топливный центр» деген ишкананын 100 пайыз акциясын 5 миллион долларга сатып алган, - деди Пискур.

Финполдун өкүлү белгилегендей, акциялардын баасы ал кезде 5 миллион доллар эмес, 100 миң сом болгон.

Бул иштин алкагында ошол кезде келишимге кол койгон «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, учурдагы Бишкек филиалынын башчысы Б.М. деген адамга Жазык кодексинин «Ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алуу» беренеси боюнча иш козголуп, ал 30-сентябрда камакка алынды.

Аэропорттун расмий сайтындагы маалымат боюнча Бишкек филиалын ал кезде Мирлан Бегалиев жетектеп келген.

Учурда бул иш боюнча тергөө уланып жатат. Финполдун өкүлдөрү козгогон иштин алкагында бир нече адам сурак берүүдө. Алардын арасынан айрымдар камалышы мүмкүн экенин тергөөгө жакын булактар кабарлады.

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Аэропорттогу коррупциялык иш боюнча күбө катары сурак бергендердин арасында Коомдук телеканалдын мурдагы директору Илим Карыпбеков да бар. Ал 2014-жылы эл аралык аэропорттун Бишкек филиалын жетектеп турган.

Карыпбеков иште күбө катары өтүп жатканын ырастады. Бирок ал маалыматты сыртка чыгарбоо боюнча тилкатка кол койгону үчүн комментарий бере албай тургандыгын түшүндүрдү:

- Мен күбө катары өтүп жатам. Маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө тилкатка кол койгонум үчүн эмнелер болуп жатканын айта албайм.

2013-2016 жылдары «Манас» аэропортун Албек Ибраимов башкарып турган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Ибраимов 2018-жылдын жай айынан бери Бишкек мэри болуп турган учурундагы мыйзам бузуу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Байкоочулар аэропорттогу ири коррупциялык иштин учугу дал ушул Албек Ибраимовго барып такалышы мүмкүн экенин айтышууда.

«Манас» аэропорту өлкөдөгү эң ири жана кирешелүү ишканалардын бири. Бул компаниянын курамына өлкөдөгү беш эл аралык жана алты аймактык аэропорт кирет.

«Аэропортту кайсы бийлик келбесин каржы булагына айландырып, өзү билгендей башкарат» деген пикирлер коомчулукта айтылып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев аэропорттогу коррупциянын тамыры кеңири жайылганын белгиледи:

- Ал жерде коррупциялык схемалар абдан көп. Мурда болуп келген, учурда деле болуп жатат. Бюджетти толтура турган эң чоң ишкана экенине карабай пландагандай каражат түшпөйт. Аэропорт кимдир-бирөөлөр үчүн даяр капчык болуп келген. Анын масштабы абдан эле чоң экени боюнча маалыматтар арбын. Учурда өкмөттүн алдында аэропорт боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Аны биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектейт. Буга чейин Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы атайын тендер өткөрүп, аэропортту дүйнөдөгү ири компанияларга башкарууга берүүнү сунуш кылышкан.

Ошол эле кезде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов бул ишти иликтөөдө мурдагы бийликтин эле тарапкерлерине көңүл бурбастан, учурдагы иштерге да көзөмөлдү күчөтүү зарыл деген оюн айтты:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бизде жаман адат бар. Мурда болгон чуулуу окуяларды гана изилдеп, аларга кылмыш ишин козгоп, иликтей баштайбыз. Азыркы учурдун актуалдуу маселелерине көпчүлүк учурда көңүл бурулбайт. Бул иш боюнча деле Албек Ибраимовго айып коюлса, саясий өңүттөн гана каралышы мүмкүн. Ошондуктан учурдагы иштерге да көзөмөл болушу керек.

Кыргызстандагы «Манас» жана «Ош» аба майдандары жылына 3 млн. жүргүнчүнү тейлейт. Анын миллиондон ашыгы ички рейс аркылуу каттайт. Соңку беш жылда жүргүнчүлөр 63 пайызга көбөйгөн.

2014-жылы кыргыз бийлиги «Манас» аэропортун Орусиянын «Роснефть» компаниясына сатуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп, көп өтпөй орус компаниясы аэропортту сатып алуудан баш тарткан.

Андан соң «Манас» жана «Ош» аэропортторуна инвестиция салууга кызыкканын билдирген Түркиянын «TAV Airports Holding» компаниясы буга чейин эки жолу ушундай эле сунуш менен келип, анысы өкмөттүк деңгээлде талкууланган. Бирок андан бери бул долбоорлор ишке аша элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG