Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:42

Жалал-Абаддагы иштебеген аэропорттор


Казарман аэропортундагы эски учак.

Жаңыдан ондолуп бүткөн Кербен жана Казарман аэропорттору иштей элек.

Ички каттамдарды тейлеген авиакомпанияларда чакан учактардын тартыштыгы азырынча авиакаттамдарды уюштурууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Жолдун узактыгынан жана татаалдыгынан кооптонгон жергиликтүү тургундар аймактагы аэропорттордун иштешин күтүп жатышат.

Тогуз-Торо районундагы 41 гектар аянтта жайгашкан Казарман аэропорту бир жылдан бери учактарды кабыл алууну күтүүдө. Былтыр аэропорттун аэровокзалы толугу менен оңдоодон өтүп, 2018-жылдын сентябрь айында даяр болгон. Аэропорттун жетекчиси Николай Шевцов анын абалы тууралуу мындай деди:

Николай Шевцов.
Николай Шевцов.

- Биздин аэропорт учактарды кабыл алууга толугу менен даяр, учуп-конуу тилкелери иштеп жатат. Былтыр сентябрь айында бизде оңдоо жумуштары аяктаган. Баарыбыз белгиленген график боюнча иштеп жатабыз, бирок бир да учак келе элек.

Казарман аэропорту 1984-жылы курулган. Учуп-конуу тилкесинин узундугу 1840 метрди түзөт. 2000-жылга чейин Бишкек-Казарман багыты боюнча күн алыс каттам жүргүзүлүп турган. Акыркы жолу 2014-жылы учак кондурулуп, андан кийин «талапка жооп бербейт» деген негизде жабылган болчу. Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Улан Иманбердиев аэропортту иштетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айты:

Улан Иманбердиев.
Улан Иманбердиев.

- Тогуз-Торо районунун шартын эске алып ушул аэропортту ишке киргизсе калкка бир топ жеңилдик болмок. Райондун социалдык-экономикалык абалында да жылыштар жаралмак. Район акими да Бишкекке иш сапарлары менен барганда бул маселени көтөрүп жатат. 50 орундуу учактар болсо биздин маселе чечилмек. Анткени чоң учактарды аэропорт кабыл ала албайт экен. Андан учактар азырынча Кыргызстанда жок.

Тогуз-Торо районунда учурда 5500 кожолукта 24 миңден ашык эл жашайт. Район борборуна чейинки Жалал-Абад - Казарман автоунаа жолунун узактыгы 150 чакырымды түзөт. Кара жол татаал ашуулардан өтүп, октябрь айынан жазга чейин жабык болот. Ушундан улам Тогуз-Торонун эли кышкысын облустун борборуна Бишкек аркылуу 560 чакырымдай узак жол аркылуу айланып каттайт. Жергиликтүү тургундардын бири Рашидбек Өскөнбаев бул боюнча өз оюн айтты:

Азыр элге эле кыйын болуп жатат. Аэропортубуз ишин баштаса жол кыскармак.


- Биринчи биз «Ан-2» учагы менен Казарман - Жалал-Абад - Казарман багыты боюнча учуп турчубуз. Анда авиабилеттин баасы советтик акча менен 3,5 сом болсо, кийин 7 сомго чейин кымбаттады. «Як-40» учактары келгенде Казарман-Бишкек-Казарман багыты да ачылып, бизге бир топ ыңгайлуу болгон. Жалал-Абад менен байланыштырчу жол октябрдын ортосунда жабылат. Бизде ал жак менен 4 ай гана байланыш болот. Калган учурда зарыл иш болгон кезде гана Бишкек аркылуу барууга туура келет. Азыр элге эле кыйын болуп жатат. Аэропортубуз ишин баштаса жол кыскармак.

Анткен менен Казарман аэропортунда азыр 10дон ашык адам иштейт. 2020-жылга чейин учактарды кабыл алууга лицензия алган.

Казарман аэропорту.
Казарман аэропорту.

Азыр жаңыдан оңдолуп бүткөн Аксы районундагы Кербен аэропортунда да жагдай ушундай. Май айында ишке берилиши пландалган аэропортто реконструкциялоо жумуштары эбак эле бүткөнүнө карабай учак каттай элек. Былтыр бөлүнгөн 5 млн. сомдон ашык каражатка аэропорттун учуп-конуу тилкеси оңдолуп, 10 млн. сомго аэровокзалы реконструкцияланган. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Масалы Акматов аэропорттордун иштебей жатышын төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Аэропортторго ылайыктуу чакан учактардын жоктугу Кербен менен Казармандагы аэропорттордун ишин токтотуп турат. Азыр Жалал-Абад - Бишкек - Жалал-Абад багыты боюнча күн сайын авиакаттам уюштуруу боюнча планыбыз да учактардын тартыштыгынан улам ишке ашпай турат. Жалал-Абаддын каттамдарын да кыскартып коюп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде кайрадан жумасына 3 жолу учууга жетиштик. Ысык-Көлдөгү сезон маалында да авиакомпаниялар биздин каттамдарды кыскартып жатат. Жалал-Абаддын борборунда ушундай жагдай болсо, ал эми четиндеги аэропортторду иштетүүгө учак табыш керек.

Кербен аэропорту облустагы Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун 300 миңге чукул калкын тейлейт. 51 гектарды түзгөн Кербен аэропорту 1976-жылы курулуп, 1999-жылы акыркы жолу каттам жүргүзүлгөн. Быйыл жыл башында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, августта өкмөт башчысы Мухамедкалый Абылгазиев келип, аэропорттун иши менен таанышып кеткен. Бирок маселе ачык бойдон турат. Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев иштин жагдайы тууралуу мындай маалымат берди:

Курманбек Акышев.
Курманбек Акышев.

- Кербен аэропортунда акыркы стадиядагы ремонт иштери бүтүп жатат. Ал жумуштар бүткөн соң биз дагы бир жолу текшерип көрүп, сертификациядан өткөрсөк, жарактуу деп чечебиз. Андан соң авиакомпаниялар карап көрүп, өз ишин баштайт. Бул маселе эки жуманын ичинде чечилет. Казарман аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоп түзөө 2020-2021-жылдарга планга киргизилген. Былтыр утурумдук оңдоо иштери аткарылган, бирок капиталдык оңдоо болгон эмес. Азыр бизде 3 гана авиакомпания болсо, алардын бирөө гана ички каттамдарды тейлет. «Тез Жет» авиакомпаниясы азыр эки гана чакан учагы менен Оштон башка аэропорттордо ички каттамдарды аткарууда. «Манас Эйр» ички каттамдарды тейлеген эки чакан учак сатып алганы турат. Ошолор алса, башка жаңы каттамдар да ачылат.

Азыркы убакта Жарандык аэродромдордун мамлекеттик реестринде 11 аэродром катталган. Алардын ичинен бешөө эл аралык («Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол» жана «Баткен»), калганы – 6 ички аба каттамдагы аэропорттор («Исфана», «Жалал-Абад», «Кербен», «Нарын», «Талас» жана «Казарман»). 1996-жылга чейин Кыргызстанда 23 аэропорт иштеп турган. Алдыдагы жылдары Нарын жана Талас аэропортторун оңдоо каралууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG