Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Абдыкаров "Манастын" коопсуздугун тескейт


Данияр Абдыкаров.
Данияр Абдыкаров.

Ички иштер министринин сынга кабылып, иштен алынган мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров "Манас" эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук дирекциясын жетектей баштады.

Ал аэропорттун жетекчилигинин чечими менен декабрдын аягында кызматка киришкени белгилүү болду.

Ички иштер министринин орун басары болуп турганда Данияр Абдыкаровдун дарегине олуттуу сын айтылып келген. Былтыр июнда ал жетекчиликтин уруксаты жок чет өлкөгө барып келгени ачыкка чыккандан кийин кызматтан кеткен.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров "Манас" эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук дирекциясынын башчысы болуп дайындалганы тууралуу өткөн аптада сөз тарап, ал 8-январда расмий ырасталды.

Аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдиргендей, Абдыкаров тууралуу жетекчиликтин чечими өткөн айда чыгып, ал 31-декабрда иштей баштаган.

- Абдыкаров кызматка ""Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы тарабынан дайындалды. Чечим бүгүн эмес, мурда эле чыккан, - деди ал.

""Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун жетекчилиги Абдыкаров кандай негизде ишке алынганы тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Бул ишкана - Кыргызстандагы стратегиялык объектилердин бири. Анын курамына өлкөдөгү эл аралык макамы бар беш жана аймактык алты аэропорт кирет. Ал эми Данияр Абдыкаров жетектей баштаган авиация коопсуздугу боюнча дирекция аэропорттордогу коопсуздукка жооп берет.

Авиация боюнча эксперт Таалайбек Океновдун айтымында, бул кызмат аэропорттогу "майлуу" орундардын бири. Эксперт талапкерлер көп болгонуна карабай, мындай жооптуу кызматка авиациядан алыс кишинин дайындалышы туура эмес болду деп эсептейт.

- Аэропорттогу коопсуздукту жөнгө салган кызмат болуп жатпайбы, - деди Таалайбек Окенов. - Бул кызматка күч түзүмүнүн өкүлү барганы бир четинен туура. Бирок дирекция жетекчисинин авиация боюнча да билими, тажрыйбасы болушу керек. Аэропорттогу дайындоо, негизи эле кадр маселеси башаламан болуп жатат. Четтен эле кишилерди, мисалы бажычыларды алып келген учурлар бар. Буга таң калып болбой калды. Бардык тармактарда ушундай.

Ички иштер министринин орун басары болуп турган кезде Данияр Абдыкаровдун ысымы бир катар чырлуу иштерде аталып келген.

Маселен, былтыр анын Орусиядан уурдалып, Кыргызстандын аймагынан табылган кымбат баалуу машинелерге тиешеси тууралуу кабар тарап, ИИМ аны төгүндөгөн. Абдыкаровдун дарегине карата сын пикирлер Ички иштер министрлигин Улан Исраилов жетектеп турган кезде көп айтылып, анын кадр маселесин чечип келгени сөз болгон. Ал 2018-жылдын жайында жетекчиликтин уруксаты жок Түркияга эс алууга кетип калганы ачыкка чыккандан кийин иштен кеткен. Эми анын аэропорттун авиациялык коопсуздук дирекциясына барганы түрдүү пикирлерди жаратты. "Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык биримдигинин өкүлү Урмат Казакбаев Кыргызстанда маанилүү кызмат орундары акчанын күчү менен чечилип жатат деген пикирде.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

- Жаран катары өз оюмду айтсам, жумушка орношууда коррупция, тааныш-билиш деген фактылар бар экенин билебиз, - деди активист. - Ким кандай суммада акча алып келсе, ошону ишке орноштура берген учурлар бар. Коомдо айтылган сындарды, маалыматтарды прокуратура текшерип чыгышы керек болчу. Прокуратуранын иши да таза эмес да. Көп нерсеге көз жуумп коюшат. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси да кимдир-бирөөнү ишке алардан мурда анын баскан жолун изилдеп чыгышы керек.

Ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү Рыскелди Момбековдун баамында, Данияр Абдыкаровдун дарегине айтылган дооматтардын баары ырасталган жок. Мындан улам депутат ага карата айтылган сынды "кара пиар" катары баалап жатат:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Ушунча сын айтылды. Сын чыкты, бирок чын чыккан жок. Алты жыл ичинде мунун ишинде кандайдыр бир калпыстыктар кетсе, мурдагы президент эмнеге буга генералдык наам берди? Азыркы бийлик эмнеге ары жооптуу, ары кооптуу кызматты ишенип тапшырып отурат? Бийлик "коррупция менен күрөшүп атабыз" деп жатпады беле. Артында кандайдыр бир шектүү нерселер болсо ушул киши биринчи жем болмок да.

Данияр Абдыкаров өз дарегине айтылгандарга жооп бере элек. Ички иштер министринин орун басары болуп турганда ал "сары басма сөзгө" жооп кайтарбай турганын билдирген. ​

Былтыр ИИМ Абдыкаровдун аты аталган чуулгандуу маалыматтарды, кызматкерлердин, ардагерлердин кадр маселелери боюнча арыз-даттануулары иликтенип жатканын айткан. Бирок анын жыйынтыгын ушу күнгө чейин жарыялай элек.

Абдыкаров ыкчам иштер боюнча министрдин орун басары болуп 2016-жылдын башында дайындалган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аны "Эрдик" медалы менен сыйлап, генерал-майор наамын ыйгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG