Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:17

Камактагы экс-мэрлер сотко нааразы


Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун адвокаты экс-мэрлердин соттук териштирүүсүндө мыйзам одоно бузулуп жатканын айтып чыкты.

11-июнда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантты. Анда адвокат Сергей Слесарев мурдагы шаар башчыларынын ишин бөлүп кароону дагы бир жолу суранып, иш менен толук таанышуу үчүн соттук отурумдарды жылдырууну өтүндү.

Мындан сырткары адвокат мамлекеттик айыптоочуну «мыйзам бузууда» деп сындап, ага ишенбестик көрсөтүү жөнүндө өтүнүч келтирди. Бирок судья Кубанычбек Касымбеков адвокаттын өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Бул сапар да сот жыйынында айыпталып жаткандардын тарапташтары менен сот аткаруучулар кайым айтышты. Ошентип, кийинки соттук отурум 14-июнга белгиленди.

Адвокат Сергей Слесарев Кулматов менен Ибраимовдун жалпы соттук териштирүүлөрү боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, соттук жараяндарда мыйзам одоно бузулуп жатканын айтты. Слесарев Бишкектин мурдагы мэрлеринин кылмышы боюнча далилдер жок деп эсептейт.

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

«Сот абдан жаман өтүп жатат, - деди ал. - Мен дагы бир жолу кайталайм: Кулматов жана Ибраимовго козголгон иште кылмыштын курамы жана далилдер жок. Айыптоочулар «Ибраимов мектеп куруулушуна кошумча каражат бөлүү жөнүндө буйрукка кол койгон» деп жатышат. Ал мэр катары мектеп курулушуна каражат бөлүү боюнча даярдалган документке кол коюшу керек болчу. Ал эми Кулматов курулушка катышкан эмес. Ал болгону мектеп куруу жөнүндө демилге көтөргөн. Кытайдан келген каражат болчу, мамлекеттик казынадан акча бөлүнгөн эмес. Кулматов менен Ибраимовдун ишин мыйзамсыз эле бириктирип салды. Бул кылмыш иштерин тергөөдө гана бириктириш керек болчу. Ишти экиге бөлүп кароо боюнча суранычыбызды аткарбай жатышат».

Коррупцияга байланыштуу айыпталган экс-мэрлердин иши 2019-жылы март айында бириктирилип, соттук териштирүү башталган. 2014-2016-жылдары Бишкекте мэр болуп турган Кубанычбек Кулматовго «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 млн. долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деген кине коюлуп жатат.

«Мектеп курулушунан акчанын өөнөлүшүнө катышы бар» деп Кулматовдон кийин кызматка келген Албек Ибраимов да айыпталууда.

2019-жылдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы мектеп курулушу боюнча иликтөөнү жыйынтыктап, экс-мэрлер мамлекетке 95 млн. сом чыгым келтирген деп тапкан.

600 орундуу мектеп салыш үчүн Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдогон кытайлык ТВЕА компаниясынын 2 млн. доллар акчасынан тышкары шаардык бюджеттен 114 млн. сом сарпталган. Атайын кызмат өкмөт 2 млн. долларга 1000 орундуу мектеп курмак деп эсептейт.

Айнура Арзыматова.
Айнура Арзыматова.

​Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен бийликтеги президент Сооронбай Жээнбековдун пикир келишпестигинен кийин мурдагы мэрлер Кулматов жана Ибраимовго кылмыш иштери козголгон. Андыктан Атамбаевдин саясаттагы санаалаштарынын камалышынын саясий жагы да бар экени айтылып келатат. Мындай пикирди колдогон политолог Айнура Арзыматова өз жүйөсүн келтирди:

«Кулматов убагында коррупциялык тобокел жагдайлары көп кызматта иштеген. Алардан эч нерсе таппай, анан мектепке күнөөлөп жатканын белгилегим келет. Ал мектеп бүгүн жакшынакай эле иштеп атат. Кулматов, Ибраимов экөө тең Атамбаевге жакын болгону үчүн камалды. Бул баарына эле белгилүү».

Анткен менен Ибраимовго мектептен тышкары, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 млн. сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар тагылды. Ал эми Кулматовго кош жарандуулук боюнча иш ачылып, кайра кыскарганы белгилүү.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

​«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов мурунку бийликтин тушунда майлуу кызматтарда жүргөн Кулматов менен Ибраимов мыйзам алдында жооп берип жатканын туура деп эсептейт.

«Албетте, бизде «саясий куугунтук болуп жатат» деген өнөкөт бар, - дейт ал. - Бул мурунку бийликтин тушундагы адилетсиз соттордун жыйынтыгы. Ал эми азыр мурунку бийликтин тушундагы жогорку кызмат адамдарынын кылмышка тиешеси бар болсо - баары жооп бериши керек. Мен Кулматов жана Ибраимов таза дегенге ишенбейм. Албек Ибраимовдун ири хан сарайын көрдүк, Кулматовдун мектеп боюнча иштерин билебиз. Бардыгы жооп бериши керек».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштары болгон мурдагы эки аткаминер 2018-жылдын жай айынан бери УКМКнын тергөө абагында отурат. Атамбаев муну саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG