Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

Атамбаевдин «чамынган» тактикасы


Айрым саясат талдоочулар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн ишембиде митингде сүйлөгөн сөзүн «коргонуу үчүн чабуул коюу тактикасы» катары мүнөздөштү.

8-июнда экс-президент Атамбаев катышкан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) митингинде бийликке карата беш талапты ичине камтыган резолюция кабыл алынган. Анда Алмазбек Атамбаев «саясий куугунтук токтобосо, президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетүүгө чакырык таштай турганын» ачык жарыялады.

Президенттин аппараты Атамбаевдин билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал эми саясат талдоочулар Атамбаев өзү бийликте тургандагы Ош бажысындагы иштерди Сооронбай Жээнбековго оодарып, бул боюнча атайын кызматтар кезинде ага маалымат бербегенин айтып, жоопкерчиликти өзүнөн алып салууга далалат кылган саясий жүрүштү колдонгонун байкашкан.

Атамбаевдин амалы

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун камалышын алар бажы тармагын «тазалоого» аракет кылып ошол кездеги төраганын орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан алууну чечкени менен түшүндүрүүгө аракет кылды. Бирок Алмазбек Атамбаев негедир Кубанычбек Кулматов 2010-жылы да бажыны жетектегенин, Райымбек Матраимов 7 жыл бою анын бийлигинин тушунда алгач Ош бажысында, кийин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келгенин эске алган эмес. Кубанычбек Кулматов 2010-жылдан бери эсеби боюнча эки ирет Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болгонун, бирок эмнеге анда бажыны «тазалоо» жүрбөгөнүн түшүндүрбөдү.

Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимов менен жеке тааныштыгы болбогонун айтып, аны Сооронбай Жээнбековго оодарды:

«Мен «Раим миллионду» болгону бир жолу - 2010-жылы Курсан Асановдун үйүндө көргөм. Мүмкүн ошол жерде анын да апасы жүрүп, чай бергендир? Аны мен каяктан билейин? Мен УКМКга ишенчүмүн. Жумасына үч жолу маалымат берчү. Бир да маалыматта Ош бажысы, «Эркечтам» тууралуу, Райымбек Матраимов боюнча бир сөз жок. Эмнеге? Көрсө 2016-жылга чейин УКМКнын Ош облустук башкармалыгын Асылбек Кожобеков, андан кийин Идрис Кадыркулов жетектеди. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин эле Идирис Кадыркуловду УКМКга төрага, Асылбек Кожобековду орун басар кылып дайындап жатпайбы. «Райым экөөбүздүн былыктарыбызды» сактап бердиңер деп».

Райымбек Матраимов 2010-жылы Ош бажысындагы кызматын сактап калган. Буга байланыштуу ошол кезде Азимбек Бекназаров «Сооронбай Жээнбековдун кадрын Ош бажысына эмнеге койбой койдуңар?» деп Алмазбек Атамбаевге нааразы болгон телефондук сүйлөшүүлөрү Интернетке чыгып кеткен эле.

Атамбаев Жээнбековду айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимов Алмазбек Атамбаевге кайрылуусунда дал экс-президенттин жеке өзүнүн жана жакын адамы Икрамжан Илмияновдун колдоосу менен жети жылдан ашуун кызматта туруп, төраганын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөнүн жарыялаган. Бирок ал кийинки жылдары экс-президент эмнеге эле ага кастарын тигип калганы боюнча суроо таштаган эле:

Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

«Менин жана менин үй-бүлөмдүн байлыгы сизди 2017-жылга чейин эч кандай кызыктырбай, сиз президенттиктен кеткенден кийин тынчыңызды алып, кыжаалат кылганына таңмын. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизге мен ачык кайрылам. Убагында мамлекетке өз кызматымды өтөдүм. Сизге да колумдан келишинче чоң ишеним менен кызмат кылдым. Мындан ары азыркы президент менен болгон өз ара мамилеңиздерге мени аралаштырбоону суранам. Мага карата ыксыз каралоону жана жаманатты кылууну токтотпосоңуз сиз менен күрөшүүгө менин да маалыматым жана күч-кубатым жетиштүү».

Алмазбек Атамбаев Ош бажысы менен президент Сооронбай Жээнбековду байланыштырып, анын ошол кезде Ош облусунун губернатору болуп турганын айтканы менен, атайын кызматтардын башчылары түздөн-түз президентке баш ийерин эске алган жок.

Радикалдуу кадамдын себептери

2010-жылы УКМК төрагасынын орун басары болгон Марат Иманкулов экс-президент Алмазбек Атамбаев билбей калгандай түр көрсөтүү менен жоопкерчиликти өзүнөн алып, башка бирөөгө оодара салууга далалат кылып жатканын айтты:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

«Ал баарын билет. Билбей калышы мүмкүн эмес. Ал «билбей калыптырмын» деп жөн эле жанын жеп жатат. Бул анын агониясы. Айласы кетип жаткандагы айтканы. Мунун азыр камала турган бир эле жолу калды. Ошондон качуунун эле амалы. Ошон үчүн ал өзүн ушундай жол менен көрсөтүп жатат. Анткени бардык иштин баары эле ага барып такалып жатпайбы. Батукаев, Бишкек ЖЭБи, Көчмөндөр оюндарынан уурдалган каражат сыяктуу иштердин баары ага барып такалып жатпайбы. Ошонун баарынын башында өзү турган. Анан «Кубанычбек Кулматов Сапар Исаков экөө таза иштеген, аларды тигиге байланыштуу камашты» дегени болбогон сөз. Аны ал «саясий куугунтук» дейт экен. Куугунтуктун башында өзү турбады беле?»

Бирок КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдугулов коррупцияга каршы тандалма күрөш жана мурдагы бийликтин өкүлдөрүнө карата куугунтук экс-президент Алмазбек Атамбаевди радикалдуу кадамдарга түртүп жатат деп эсептейт.

«Бул агония эмес, - деди ал. - Атамбаев биринчиден өзүнүн актыгын аныктап, анын жакындарына болгон саясий куугунтук токтогонго чейин күрөшө берет. Мындай митингдер мындан ары да боло берет. Себеби Атамбаев көтөргөн маселелер жүйөлүү. Анткени коррупцияга каршы тандалма күрөш жүрүп жатат. Жаңы бийлик улам-улам ката кетирүүдө. Буга эми жалаң эле КСДП, жалаң эле оппозиция эмес, партияга мүчө болбогон көптөгөн жарандар деле макул. Ошондуктан аны колдоочулардын саны күн санап көбөйө берет».

Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаев ага карата саясий куугунтук башталганын айтып, Дача-СУга кулаган жүк жана Батукаев чатагы сыяктуу чуулгандуу иштердин кайрадан жанданып жатканын мисал келтирди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев куугунтук токтобосо президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетирүүгө чакырык таштала турганын ачык жарыялады:

«Мен, ошол кездеги президент Атамбаев, Батукаевге: «Акча берсең, сени түрмөдөн чыгарам» деп айтат белем? Эптеп эле «Атамбаев Батукаевден акча алды» деген кине коюп, көрсөтмө алыш үчүн 3 жашар баласы бар Аида Салянованы камап жатышат. Бул туура эмес. Буларга чыдап отурсак, дагы төрт жыл күтөбүз. Биз колхоздун койлору эмеспиз. Кыргызстан колхоз же Кара-Суу базары эмес. Азыркы жүрүп жаткан өзүмбилемдик, зөөкүрдүк токтобосо, биз ачык айтып, «Сооронбай, кет!» деп эле чыгабыз».

Ээн ооз риторика

Саясат талдоочу Марс Сариев Алмазбек Атамбаевдин митингдеги агрессивдүү сөздөрүнө талдоо жүргүзүп, аны электораттын кайсы бир бөлүгүнүн колдоосун алыш үчүн өзүн коргоону көздөгөн саясий жүрүш катары чечмеледи:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Атамбаев өзү да жакын арада ага кылмыш иши козголгону калганын сезип калды. Ошон үчүн Атамбаев чагым таштап жатат. Ал эми анын улам эле «Раим милилон» деп бул маселени көтөрүп жатканы - аны саясий курал катары колдонгону. Азыр эми Матраимовду Жээнбековго жүктөп жатат. Бирок Райымбек Матраимов Атамбаев президент болуп турганда бажы кызматында иштеп, кийин ал жактан дал ошонун тушунда жогору көтөрүлгөн. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде Райымбек Матраимов кызматтан кетип, ал жакта иштебей калган. Бул эми Атамбаев «карапайым эл башынан баштап түшүнбөйт» деген негизде «Раим миллион», «Кокон хандыгы», «Түштүк», «Колхоз» деген жарлыктарды атайылап илип, ушул багытта колдоочуларына таасир этем деп маалымат согушун жүргүзүүдө».

Алмазбек Атамбаев акыркы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогонун жашырган эмес. Кийин анын жакын адамдары болуп эсептелген саясатчылар жооптуу кызматтардан кеткен соң экөөнүн мамилеси сууй баштаган. Тирешүүнүн аягы КСДПнын экиге бөлүнүшү менен аяктады.

Жакында экс-президенттердин ишмердигинин кепилдиги тууралуу мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилип, анда мурдагы мамлекет башчыларына кайсы бир партияны жетектөөгө жана саясий ишмердик менен алектенүүгө тыюу салынган. Алмазбек Атамбаев ошондон кийин КСДПнын өзү башкарган бөлүгүндөгү жетектөөчү кызматын өткөрүп берип, партиянын курамынан чыкканын жарыялаган болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG