Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Албек Ибраимов дагы бир коррупциялык ишке шектелүүдө


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Экс-мэр "ТНК "Дастан" ишканасына тиешелүү "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын атайылап арзан сатып жиберген деп шек саналып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул иш тууралуу Ибраимовдун өзүнө 17-январда билдирген. Ага ылайык, Ибраимов Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалына байланыштуу ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу) боюнча шектелүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, Албек Ибраимов Президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп турган кезде "ТНК "Дастан" мамлекеттик ишканасынын башкармалык төрагасы Ю.В. буйрук берип, "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын төмөндөтүлгөн баа менен саттырган. Натыйжада мындан мамлекетке 82 750 556 сом зыян келтирилген.

Маалыматта кошумчалангандай, тергөө учурунда "Күнөстүү жээк" пансионатынын азыркы ээси М.Б. мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берген.


Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго "Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган.

Мындан тышкары Ибраимов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунан акча өөнөлүшү боюнча да айыпталып жатат. Бул иш боюнча соттук териштирүү баштала элек. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мектеп курулушундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG