Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Өкмөт аэропортторду тышкы башкарууга берүүнү сунуш кылды


«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

27-январда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас», «Ош» аэропортторун жана башка аба майдандарын тышкы башкарууга берүү боюнча план бар экенин билдирген. 30-январда Бишкекте Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев баштаган өкмөт мүчөлөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, бул демилгени түшүндүрүп беришти. Жыйында тышкы башкарууга берүү аэропорттордун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрү жөнүндө ойлор айтылды.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 11 мамлекеттик аэропорт бар. Алардын ичинен «Манас» жана «Ош» аэропорту кирешелүү деп эсептелет.

Акыркы беш жылдан бери кыргыз өкмөтү «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторуна инвестиция тартуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтып келатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG