Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Жапаров: Баш мыйзамдын жаңы долбоору он күндө даяр болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциянын жаңы долбоору он чакты күн ичинде даяр болот. Бул тууралуу 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди. Ал адистер Баш мыйзамдын долбоорун даярдап бүтүп калышканын айтты:

«Элге талкууга коёбуз. Өзүңөр чечесиздер. Азыр бизде парламенттик башкаруу. Бул жерде президенттик башкаруу деген сунуш болуп жатат. Парламент аралашма болсун деп жатат: жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык. Анан курултай институтун киргизебиз. Жылына бир жолу бардык айылдардан 2-2,5 миң адам Бишкекке чогулуп, президенттен жана парламенттен отчёт алып турасыздар».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өткөнү жатат. Парламенттик кайра шайлоону бийлик конституциялык реформадан кийин өткөрүүнү пландоодо.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын билдирген.

Конституцияны өзгөртүү боюнча Жапаров айтып жаткан сунуштарга карата кайчы пикирлер да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев «Кыргызстан президенттик башкарууга өтсө, бир кишини пир туткан экинчи Түркмөнстанга айланарын» айткан.

"Жогорку Нарын ГЭС каскадынын тагдыры чечилет"

Ушул сааттарда Жапаров жумуш сапары менен Нарын облусун кыдырууда. Ал айрым социалдык объектилерди көрүп, Жогорку Нарын ГЭС каскады курула турган жерге барды.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» ишканасына барды. 2020-жылдын 9-ноябры.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» ишканасына барды. 2020-жылдын 9-ноябры.


Эл менен жолугушууда суроолорго жооп берип жатып Садыр Жапаров буларды айтты:

«Жогорку Нарын ГЭС каскадын кура баштайбыз. Анткени биз өзүбүз электр энергиясын чыгарган, суунун башында турган өлкө болуп туруп кыштын күнү, тескерисинче, кошуна өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Быйыл да сатып алат экенбиз. Башка өлкөлөрдөн сатып албаш үчүн биз ГЭСтерди тез аранын ичинде курушубуз керек».

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров бул энергетикалык объектиге байланыштуу соттук териштирүү маселеси анын жеке көзөмөлүндө экенин айтты.

«Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык катталган. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын айтып, бул келишимден чыккан. Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Быйыл май айында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги жетекчиси Айтмамат Кадырбаев арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.

Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. Объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.

XS
SM
MD
LG