Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Илдет күчөгөндө Токтогулда суу азайды


Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул станциясында (ГЭС) суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскертти.

Уюм электр энергиясы жана суу коңшу өлкөлөргө сатылгандан улам ушундай кырдаал жаралганын билдирүүдө. Ал эми мамлекеттик «Улуттук энергохолдинг» компаниясы кабатырланууга негиз жок деп эсептейт.

Жарык өчүрүү коркунучу

«Таза Кол» фондунун директору, энергетика тармагы боюнча адис Расул Умбеталиев күзгү-кышкы мезгилге карата даярдыкка байланыштуу жыл эсебинен экинчи жолку эскертүүсү менен чыкты. Ал Кыргызстандын башкы гидроэлектр станциясында суу нормага жетпей калганын кабарлап, бул боюнча өзү мурдараак айткан кооптуу жагдайлар ырасталганын билдирди:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

«Кышка даярдыктын эң негизги көрсөткүчү – бул Токтогул суу сактыгычынын көлөмү. Анда суу канчалык көп болсо, даярдык ошончолук жакшы деген сөз. Демек, бул суу сактагычта суу жакшы толгон мезгилинде 19,2-19,6 млрд. куб метр суу топтолот. Эң азы 6-7 млрд. куб метр болсо, суу ГЭСтен чыкпай калат, электр энергиясы өндүрүлбөй калат. Эки жылдан бери суунун агымы 5-10% кемип жатат. Өкмөттүн жана «Улуттук энергохолдингдин» жетекчилери ушуга жараша чара көрүш керек эле, аны көргөн жок. Мен «сууну агызбайлы» деп канча жолу эскертсем да эч ким уккан жок. Былтыр да, быйыл да электр экспорт болду, суунун агымы көп болду. Албетте, өзүбүз электр алышыбыз үчүн да агыздык. Бирок андан тышкары эки млрд. куб метр суу жөн гана агызылды. Азыркы күндө суунун агымы секундасына 400 куб болуп жатат. Жалпы көлөмү 13 млрд. 942 млн. куб суу калды. Бул Кыргызстанды толук электр энергиясы менен камсыз кылууга жетпейт. Ошондуктан чукул өчүрүү болот. Эгер бул кышта сууну максималдуу коё берип, чыгып кетебиз десек, анда келерки жайда да суу аз болуп калса, келерки кышта Токтогулда таптакыр суу калбай калат».

Расмий маалымдалгандай, 2017-2018-жылдары Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда болсо 16 млрд. куб метр суу бар эле, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

Башкача айтканда быйылкы көлөм мурдагы жылкыдан алты млрд., былтыркыдан 3-4 млрд. куб метрге аз болуп жатат.

Мунун себебин Умбеталиев бир-эки жылдан бери суу коңшулаш Казакстанга жана Өзбекстанга сатылып жатканы менен байланыштырат. Бул жөнүндө ал былтыр да, быйыл да билдирүү берип, басма сөз жыйынын өткөргөн эле. 28-июлда да Бишкекте кайрылуу таратты:

«Сууну эмнеге коё беришти? Өзбекстан, Казакстан айыл чарбасын суу менен камсыздап алсын деп жатып коё беришти. Эми болсо кышында биз кайра Тажикстандан, Өзбекстандан же Казакстандан кымбат баада электр сатып алууга мажбур болобуз. «Улуттук энергохолдинг» «сырттан 2021-жылдын жаз айларына чейин бир млрд. кВт/саат электр энергияны, бир кВт/саатын 2,4 центтен, сомго айлантканда эки сомдон сатып алабыз» деп жатат. Бул чек арадагы баасы, ал эми ташып келиши жана бөлүштүрүүсү менен үч сомдон сатып алабыз. Өзүбүз болсо жайда сууну агызып, аларга ит бекер экспорттодук. Бул мамлекетке жасалган чыккынчылык, өз өлкөсүнө жасалган экономикалык диверсия. Анткени алардын көңүлүн карап, суу коё берип же электр сатып жибердик да, өзүбүз суусуз калып жатабыз».

Энергетик бийлик мунун алдын албаса кышкы суукта жагдай өтө оор болорун, андан да өлкө сырттан электр энергиясын кымбат баада сатып алууга аргасыз болорун эскертүүдө.

Ооба, мунун алдында «Улуттук энергохолдинг» компаниясы кышында Казакстандан электр сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. Так айтпаганы менен бул суунун азайышына байланыштуу экени түшүнүктүү.

Бирок мекеме ГЭСте топтолгон суу нормага жакын эле экенин белгилеп, кышкы суукта жарык өчүрүлөт деп кабатырланууга негиз жоктугуна ишендирүүгө аракет кылууда.

«Улуттук энергохолдингдин» электр энергиясын иштеп чыгуу жана жеткирип берүү бөлүмүнүн эксперти Аскат Абылаев буларга токтолду:

«2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдык боюнча өкмөт бизге «Токтогул суу сактагычында 15 млрд. куб метр сууну камсыздагыла» деп талап койгон. «Кыргызгидрометтин» божомолу боюнча суунун агымы 96% деп берген болчу. Өзүбүздүн гидротехниктерибиз эсептеп чыгып, суунун агымы 66-70% чейин болорун болжогонбуз. Бул биз 15 млрд. куб метрди топтой албай калабыз дегенди түшүндүрөт. 1-октябрга карата биз 14,5 млрд. куб метр сууну гана чогулта алабыз деген мерчем бар. Азыр Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13,9 млрд. куб метр, дээрлик 14 млрд. десе да болот. Быйыл суу аз болуп калган цикл ушуну камсыздайт. Ошого байланыштуу биз азыр Казакстан жана Тажикстан менен кышкы мезгилде 500 млн. кВт/саат электр энергиясын импорттоп келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул ошол суунун көлөмүн жарым млрд. куб болсо да сактап калуу максатын көздөйт. «Сууну жөн эле төгүп жатышат» деген туура эмес, каалоочулар ГЭСтеги камерадан онлайн толук көрүп турушса болот. «Сатылып жатат, төгүлүп жатат» дегени жалган. Биз 2017-2018-жылы гана электрди экспорт кылганбыз, быйыл эч жакка экспорт болгон жок. Ал учурда суу көп болуп жатканда сууну жөн эле төгүп жибербестен, андан алынган ашыкча электрди сатуу максаты коюлган. Бирок ишендирип кете алам, быйылкыга суунун көлөмү жетет».

Кыргызстанда жылына 15 млрд. кВт/сааттын тегерегинде электр энергиясы өндүрүлүп чыгарылат. Өлкө кайра 10-12 млрд. кВт/сааттын тегерегинде электр пайдаланат.

Коронавирустун чочуткан кышы

Арийне, коомчулукта кышка даярдык боюнча кооптонуу быйыл көбүрөөк пандемиялык шарт менен да мүнөздөлүүдө. Адистер жайдын ысыгында коронавирустун катуу чабуулуна кабылган кыргызстандыктар кышкы суукта жарык да жок болсо кыйын абалда каларын эске салып жатышат.

Ыктыярчылык милдетти аткарып жаткан ишкер Тилек Токтогазиев электр үзүлсө ооруканалардагы бейтаптарга оор болорун айтууда:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору жана башка аппараттар - бүт баары электр энергиясынан көз каранды. Биз азыр электрден көз каранды эмес болгон концентраторлорду коюп жатабыз, бирок ал жок жерлерде электр жарым саат, бир саатка өчүп калса эле аппараттар иштебей, бир нече адам өлүп калып жатат. Ал эми кышта электр үзүлсө андан да жаман болот. Күзүндө жана кышында энергетикалык кризиске кабылсак, аягы аябай жаман болот. Өкмөт алдын-ала кадамдарга барбаса, гуманитардык чоң катастрофага кабылабыз. Эл оорудан да, сууктан да кырылат. Анда эле бул кыш Кыргызстандын тарыхында өтө жаман так болуп калат. Ошону үчүн өкмөт даярдык иштерин күчөтүп, бул тармакты приоритет катары коюшу керек».

Даярдык демекчи, өкмөт күз-кыш жылытуу мезгилине аракеттер жетишүү экендигин билдирүүдө. 23-июлда биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» жетекчилери менен атайын кеңешме өткөргөн.

Өкмөт өкүлү жыйында Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, электр жабдууларын жана жылытуучу от казандарын оңдоо-даярдоо боюнча тапшырмаларды берген.

Алмазбек Баатырбеков.
Алмазбек Баатырбеков.

«Мындан тышкары, өкмөттүн токтомунда белгиленген техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана тиешелүү тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу зарыл. Ошону менен бирге калкыбыз үчүн жана бюджеттик уюмдарга отун даярдоо ишиндеги тендерлерди, ошондой эле элге, айрыкча алыскы айылдарга көмүрдү камсыздоо үчүн керектүү сандагы отун базаларын ачуудагы иш-чараларды өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилеп кетким келет. Мамлекеттик тармактык органдар жана жергиликтүү бийлик органдары бардык даярдыкты өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө көрүүгө тийиш», - деген анда биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

1-августта "Биринчи радиого" маек курган президент Сооронбай Жээнбеков былтыркыга караганда суунун аз топтолгонун аба ырайынын салкындыгы менен түшүндүрдү.

«Бизде эле эмес, региондо суу тартыштыгы болуп жатат. Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Тилекке каршы, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болду. Тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына суу азыраак келип калды. Айрыкча, суу июнь менен июль айларында келет. Былтыркыга караганда азыр 2 млрд. 400 млн. куб суу аз келди. Августтун башы кандай башталат, ошого карап, анан тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт. Жакшы үмүт менен жакшы тилек тилеп туралы. Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ага чейин өзүбүздүн мүмкүнчүлүк бар. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйсө, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буйруса», - деди президент.

Коомчулукта Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) көмүр менен камсыз кылууда маселелер бар экени, Кара-Кече жана башка кендерден отун алып келүү кечигип жатканы да кабарланууда. Бишкек шаарынын мэриясы болсо бул боюнча маалыматтарды төгүндөп, күзгү-кышкы мезгилге даярдык өз нугунда жүрүп жатканын билдирет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG