Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Молдовада кош бийлик уланууда


Молдовада ыйгарым укуктарын Конституциялык сот таааныбаган жаңы коалициялык өкмөттүн түзүлүшүнөн кийинки саясий кризис уланууда.

Ал эми парламент менен президент Игорь Додон болсо, эски өкмөттү тааныган жок. Учурда өлкөдө дээрлик эки өкмөт - мурдатан иштеп келе жаткан Павел Филиптин жана жаңы түзүлгөн Майя Сандунун министрлер кабинети иштеп жатат.

Сыртынан Кишинёвде кырдаал туруктуудай эле көрүнөт. Копсуздук кызматтары Павел Филиптин өкмөтү ээлеп турган мамлекеттик мекемелерди жана министрликтерди кайтарууну улантууда. Ал эми Майя Санду баштаган жаңы өкмөттү колдогону айтылган алты полиция кызматкери жумуштан бошотулду. Санду ар бир мыйзамсыз иш үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти:

Майя Санду.
Майя Санду.

- Сиздер жасап жаткан ар бир мыйзамсыз аракет мамлекеттик бийликти басып алууга катышуу боюнча узак мезгилге түрмөгө камалуу экенин түшүнүп жатасыздар деп ишенем. Кылмышкерди колдоо менен сиздер ушуну өзүңөргө алганга даярсыздарбы?

Ишемби күнү түзүлгөн Майя Сандунун өкмөтүнө Орусия колдогон президент Додондун Социалисттик партиясы жана европачыл ACUM блогу кирген. Социалисттерден Зинаида Гречаная спикерликке шайланса, премьер-министр Майя Санду өзү АСUM блогунан. Алар бизнесмен Владимир Плахотнюк менен байланыштагы, өкмөттү бир канча жылдан бери башкарып келе жаткан Демократиялык партияны бийликтен кетирүү үчүн биригишкен. Мурдатан иштеп жаткан өкмөттү колдогон Конституциялык сот да өз чечимдерин Плахотнюктун таасири менен чыгарып жатканы айтылууда.

Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин Конституциялык сот ыйгарым укуктарынан четтеткен Молдованын президенти Игорь Додонго жана жаңы өкмөт башчы деп айтылып жаткан Майя Сандуга колдоосун билдирди.

«Мындай коалициянын пайда болушу өлкө цивилизациялуу жана заманбап мамлекетти курууга кадам таштаганынан кабар берет» - деди Путин «Мир» телеканалындагы маегинде.

Ал Молдованын премьер-министри Павел Филиптин өкмөтү бийликти узурпациялап, жергиликтүү таасирдүү ишкерлердин колдоосу менен бардык мамлекеттик түзүмдөрдү «такымына басып алганын» белгиледи.

- Биз президент Додонду жана анын коалициядагы өнөктөштөрүн Молдовадагы бийликти узурпациялап алган адамдардан арылуусу үчүн сөзсүз колдойбуз. Ички карама-каршылыктарга карабастан өздөрү акыл токтотуп, Молдова мамлекетинин жана молдован элинин кызыкчылыгы үчүн биргелешип иштесе болмок.

Игорь Додон. 13-июнь, 2019-жыл
Игорь Додон. 13-июнь, 2019-жыл

Конституциялык сот президенттик ыйгарым укуктарын токтотуп койгон президент Игорь Додон болсо, 12-июнда Жогорку Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү өткөрдү. Буга чейин Додон кеңештин курамын өзгөртүп, ага жаңы премьер-министр менен парламент спикерин киргизген.

Молдованын Конституциясына ылайык, парламент шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланган күндөн тарта үч айдын ичинде коалиция түзүшү керек. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 8-мартта жарыяланган. Ал эми 7-июнда Молдованын Конституциялык соту үч айда коалиция түзүлгөн жок деп таап, жаңы парламенттик шайлоо жарыялаган. Бирок бир күндөн кийин парламенттеги буга чейинки атаандаш партиялар - орусиячыл Социалисттер партиясы менен европачыл АСUM блогу коалиция курап, алар үч айлык мөөнөт 8-июнда бүтмөк, парламенттик көпчүлүк мыйзам чегинде түзүлдү деп талашып жатат.

Павел Филип парламентти тараткан декретин көрсөтүүдө. 9-июнь, 2019-жыл
Павел Филип парламентти тараткан декретин көрсөтүүдө. 9-июнь, 2019-жыл

Мына ушул себептерден улам 9-июнда Конституциялык сот өз чечими менен президент Игорь Додонду убактылуу кызматтан четтетип, анын ыйгарым укуктарын буга чейин өкмөт башчынын милдетин аткарып келген Павел Филипке убактылуу тапшырды. Филип дароо парламентти таркатуу боюнча декретке кол коюп, мөөнөтүнөн мурда шайлоону 6-сентябрга белгиледи.

Бирок парламенттин көпчүлүгү Филиптин өкмөтүн тааныган жок.

Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар тараптарды тирешүүгө жол бербөөгө жана диалог жүргүзүүгө чакырууда. Ошол эле кезде алар парламенттин коалиция түзгөн чечимин кыйыр түрдө туура деп санашууда.

Молдова Европадагы эң жакыр, саясий тиреш токтобогон, ошондой эле Орусия менен Батыштын атаандаштык аянтчасына айланган мамлекеттердин бири.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG