Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Сандунун укугун чектеген чечим элди кыжырлантты


Кишиневдогу акциядан бир көрүнүш
Кишиневдогу акциядан бир көрүнүш

Молдованын президенти коопсуздук органына көзөмөл кылган укугунан ажыратылды. Парламенттин соңку чечими Молдованын Европага жакындашын колдогон Майя Сандуга бут тосуу катары бааланууда.

Молдова парламенти жаңы шайланган президент Майя Сандуну өлкөнүн Коопсуздук жана маалымат кызматына көзөмөл кылган ыйгарым укуктарынан ажыратты. Мындай мыйзамды Санду кызматка киришерге бир нече жума калганда социалисттер көпчүлүктү түзгөн парламент 3-декабрда кабыл алды.

Документ каралып жатканда Майя Сандунун миңдеген тарапкери Кишиневдогу парламент имаратынын алдында акция өткөрүштү. Алар акыркы шайлоодо жеңилип калган орусиячыл президент Игорь Додонго каршы «Мафия кетсин», «Додон кетсин» деп кыйкырып турушту.

Тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн Майя Санду өкмөттүн отставкасын жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылды.

Майя Санду
Майя Санду

«Додондун өкмөтү компетентсиздиги, адамдарды коркутуп-үркүткөнү, коррупциялык схемаларды алдыга сүрөп, жашырганы үчүн отставкага кетиши керек. Биз өкмөттүн кызматтан кетишин жана кезексиз парламенттик шайлоону талап кылабыз» .

Ал коопсуздук органына көзөмөл функциясын алуу чечимин алдыдагы президенттик милдетине бут тосуу аракети катары баалады.

Көчөдө акция болуп жатканда Санду мүчө болгон «Аракет жана тилектештик» партиясынын депутаттары парламенттин борбордук трибунасын ээлеп, мыйзамдын кабыл алынышына тоскоол болууга аракет кылды.

Бирок буга карабай депутаттар талаштуу мыйзамды эки окууда жактырышты.

Парламенттин вице-спикери Влад Батрынча «Мыйзам долбоору 51 депутаттын добушу менен биринчи жана соңку баскыч болгон экинчи окууда жактырылды», - деп жарыялады.

Парламенттеги социалисттер «Молдова - парламенттик республика, ошондуктан чалгын кызматын мыйзам чыгаруу бийлиги бутагы көзөмөлдөш керек» деген жүйө келтирүүдө.

Бирок өткөн жылы дал ушул эле социалист депутаттар бул укукту өз лидери, быйылкы шайлоодо жеңилип калган Игорь Додонго кошуп берген.

Дал ушул жагдайга көңүл бурган Майя Сандунун тарапкерлери жакынкы күндөрү кызматка киришүүгө даярданып жаткан жаңы президентке бут тосуу катары сыпаттап жатышат.

Акциянын катышуучулардын бири Михаил Горбан “Додон президент болуп турганда бул ыйгарым укуктар парламенттен өзүнө алууну талап кылып келген. Эми президенттик шайлоодо утулуп калып, эл колдогон президент келген соң анын канатын кыркып, укугун кыскартууну каалап жатат”, - деп баалады.

Майя Санду жаңы мыйзамга каршы тарапкерлерин 6-декабрда нааразылык акциясына чыгууга чакырды.

Бирок 23-декабрда президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Игорь Додон саясий атаандаштардын өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө аракет кылып жатат деп айыптады.

Игорь Додон
Игорь Додон

Ал 4-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу түз эфирге чыкты.

«Мен президенттин ыйгарым укуктарын кыскартууга каршы болуп келгем. Анын үстүнө мен президенттик башкаруу формасын жактагам. Коопсуздук жана маалымат кызматы ар дайым президент жана парламентке баш ийип келген», - деп билдирди Додон.

Молдованын парламенти муну менен эле токтоп калган жок. Мыйзам чыгаруу бийлиги өлкө аймагында орус тилине улут аралык баарлашуу тили деген расмий макам берген мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды. Бул мыйзам толугу менен кабыл алынса, өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орус тилинде да маалымат берүүгө милдеттүү. Ошондой эле дары-дармектер үчүн орусча кошумча нускамалар чыгарылат.

Мындан сырткары орус телеканалдарын Молдовада көрсөтүүгө уруксат берген демилге да парламентте биринчи окууда колдоо тапты.

Молдаван бийлиги 2018-жылы өлкө аймагында орус каналдарын көрсөтүүгө тыюу салган.

Молдовада президентти шайлоонун экинчи айлампасы 15-ноябрда өткөн. Анын жыйынтыгында өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду орусиячыл учурдагы президент Игорь Додонду жеңип чыккан.

Санду өлкөнүн Европа менен жакындашуусун жактайт. Ал президенттикке шайланган соң Молдованын "баш оорусуна" айланган Приднестровье маселесин чечүүдө өлкө аймагынан орусиялык аскерлерди толугу менен чыгаруу жагы сөзсүз каралышы керек деген пикирин билдирген.

Расмий Кремль Молдованын Майя Сандунун Днестр боюндагы жикчил аймактан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу сунушун четке какты жана өз жообун «аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербөө» далалаты менен түшүндүргөн.

Молдова - Европанын жарды, коррупция күч алган мамлекеттеринин бири.

Өлкө аймагындагы орус тилдүү калк басымдуулук кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өз эгемендигин жарыялаган. Анткен менен эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары эсептейт.

Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну «тынчтык орнотуу» аракети катары түшүндүргөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG