Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Атамбаевге жолуккан олигархка айып коюлду


Молдовадагы Демократиялык партиянын лидери Владимир Плахотнюк. 13-январь, 2016-жыл.
Молдовадагы Демократиялык партиянын лидери Владимир Плахотнюк. 13-январь, 2016-жыл.

Молдованын прокуратурасы олигарх, саясий ишмер Владимир Плахотнюкка каршы расмий айып койду. Учурда АКШда жашаган, Молдова Демократиялык партиясынын мурдагы төрагасы уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, арам акчаны адалдаштырган жана алдамчылыкка барган деп айыпталууда.

Молдовада буга чейин өлкө бийлигине таасири күч Владимир Плахотнюкка айыптар «Kroll» эл аралык иликтөөчү компаниясы чогулткан документтердин негизинде коюлду.

Молдованын башкы прокурору Александр Стояногло билдиргендей, Плахотнюк «уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, алдамчылыкка жана опузалоого барган» деп айыпталууда.

Плахотнюктун Молдова банктарынан 2012-2014-жылдары 1 миллиард АКШ долларынын жоголуп кетишине да тиешеси болгон. Бул каражат Европадагы эң жакыр мамлекеттин ички дүң өндүрүмүнүн сегизден бир бөлүгүн түзөт. Чуу Молдовада «кылымдын тоноосу» деген атка конгон.

АКШда жайгашкан «Kroll» иликтөөчү компаниясынын документтеринде банктардан жасалма компаниялар жана күмөндүү насыялар аркылуу каражаттарды уурдоо механизми так сүрөттөлгөн. Бул схеманы ишке ашырууда башкы ролду 28 жаштагы бизнесмен Илан Шор ойногону маалымдалган.

Шор 2016-жылы алдамчылыкка айыпталып, 7,5 жылга кесилген. Бирок кийин соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылып, абактан бошотулган. Былтыр бийлик алмашкандан кийин мурдагы ишкер Апелляциялык соттун чечимин күтпөй эле Израилге чыгып кеткен.

Ишкер, саясатчы Илан Шор. 22-январь, 2019-жыл.
Ишкер, саясатчы Илан Шор. 22-январь, 2019-жыл.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Шордун жардамы менен Плахотнюк «Banca de Economii» банкынан 100 млн. доллардай каражат чыгарып кеткен. Олигарх ал акчага «Асито» камсыздандыруучу компаниясын, «National» отелин, жеке учак жана фэшн-индустрия жаатында бизнес сатып алганы кабарланат.

Өткөн жылдын жай айында Молдовада саясий кризис башталып, анын жыйынтыгында оппозициядагы европачыл ACUM блогу менен президент Игорь Додондун орусиячыл Социалисттер партиясы биригип, Плахотнюктун тарапташтарын бийликтен сүрүп чыгарышкан.

Жаңы өкмөттү АКШ, Евробиримдик жана Орусия колдоп, ал эми Плахотнюк Молдовадан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Быйыл жыл башында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Плахотнюк санкция салынган адамдардын тизмесине киргизилгенин билдирген.

Вашингтон аны «коррупцияга тиешеси бар адам» деп тапкан. Помпеонун айтымында, Плахотнюктун аракеттери «Молдова республикасындагы демократиялык институттардын өз алдынчалыгын коркунучка кептеген».

АКШ киргизген чектөөлөргө ылайык, Владимир Плахотнюкка жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакын туугандарына америкалык виза берилбейт. Март айында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Молдова кызматы Плахотнюк учурда АКШда экенин, аны депортациялоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын жазган.

Шор, Атамбаев жана Плахотнюк

2015-жылдын жазында Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев Молдовага жашыруун сапар менен барып, Кишиневде бейформал жолугушууларды өткөргөнү маалым болгон.

Молдованын маалымат каражаттары Атамбаев Владимир Плахотнюкка жолугуп, аны менен төрт саат сүйлөшкөнүн жазып чыгышкан.

Анда Атамбаев Кишиневго Илан Шордун менчик «Embraer Lagacy 650» учагы менен кеткени айтылган. Аппараттын кызматкерлери президент ал учакка акысын өзү төлөгөнүн кабарлаган. Шор - орусиялык таанымал ырчы Жасминдин күйөөсү.

Плахотнюк деген ким?

Плахотнюк 2000-жылдардын башында чакан мунай компанияны жетектечү. Кийин кандайдыр бир жолдор менен өлкөнү 2001-2009-жылдары башкарган президент Владимир Воронинге жакындайт. Ал Воронин жетектеген партиянын долбоорлоруна демөөрчү болуп келген.

Воронин бийликтен кеткенден кийин, Плахотнюк саясатка аралаша баштайт. Демократиялык партияга мүчө болуп, көп өтпөй анын лидерине айланат.

Саясат таануучулар 2015-жылдын соңунда Плахотнюктун партиясы парламентте көпчүлүк орунга ээ болгондон кийин өкмөткө өз кишисин дайындап, аны каалагандай башкарганын белгилешет.

Ал өлкөдөгү беш улуттук телеканалдын төртүн түз же кыйыр түрдө көзөмөлдөй турганы айтылып келген.

Плахотнюктун үч банктан бир миллиард доллардын чыгарылып кетишине тиешеси бар экенин айткан оппозиция өкүлдөрү ошол жылдары демонстрация уюштурушат. Бирок бул боюнча эч кандай тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

2019-жылдын февралында өткөн парламенттик шайлоодо Демократиялык партия 101 орундун 40ын ээлеген. Калганы орусиячыл социалисттерге жана европачыл ACUM блогуна тийген.

АСUM дароо эле демократтар менен бир коалицияга кирүүдөн баш тартат. Ошентип Плахотнюктун партиясына өкмөт куроого жол бербеш үчүн орусиячылдар менен европачылар бириккенге аргасыз болушкан.

Демократтар бул альянсты таануудан баш тартышкан. Ал эми Плахотнюкка баш ийген соттор коалициянын мыйзамдуулугун жокко чыгарып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү чечишет. Ошондой эле соттор коалиция жаңы өкмөт кураганына карабастан, президент Игорь Додонду иштен кетирип, анын ордуна мурдагы премьер-министр Павел Филипти дайындайт. Ошентип бир канча убакыт өлкөдө кош бийлик өкүм сүргөн.

Анткен менен Евробиримдик, АКШ жана Орусия коалиция түзгөн жаңы өкмөткө колдоо көрсөтүшкөн.​

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG