Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Молдова: Демократиялык партиянын өкүлдөрү өлкөдөн кете баштады


Павел Филипп (оңдо).
Павел Филипп (оңдо).

Молдовада Павел Филиптин өкмөтү отставкага кеткенден кийин Демократиялык партиянын өкүлдөрү өлкөдөн чыгып кете башташты. Партия лидери Владимир Плахотнюк Молдовадан чыгып кетти. Аны менен байланышы бар саясатчылар да кетип жатканы айтылууда.

Демократиялык партиядан көрсөтүлгөн премьер-министр Павел Филиптин өкмөтү отставкага кеткени 14-июнда белгилүү болгон.

Молдова парламенти февраль айындагы шайлоодон бери коалиция түзө албай койгондон кийин 7-июнда өлкөнүн Конституциялык соту парламентти таратууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү буюрган. Сот бул чечимин чыгарууда "парламентте коалиция шайлоо өткөндөн кийинки үч айдын ичинде түзүлүшү керек" деген мыйзамдык жобого таянган.

8-июнда орусиячыл президент Игорь Додондун парламенттеги Социалисттик партиясы күтүүсүздөн европачыл ACUM блогу менен коалиция курап, Майя Санду жетектеген өкмөттү түзгөн.

Бирок 9-июнда Конституциялык сот Сандунун өкмөтүн мыйзамсыз деп таанып, президент Додонду убактылуу кызматтан четтетип, Демократиялык партиянын өкүлү премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Павел Филипти президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Натыйжада Молдовада кош бийлик жаралган.

Филип парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоону 6-сентябрга белгилеген эле.​

XS
SM
MD
LG