Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Германия дүйнөдөгү эң ири мыйзамсыз интернеттик соода барагын ойрон кылды


Европалык полиция агенттигинин баш кеңсеси. Гаага.
Европалык полиция агенттигинин баш кеңсеси. Гаага.

Германиянын бийликтери «даркнет» («кара онлайн базар») деп шарттуу аталган мыйзамсыз интернет соода тармагына каршы эл аралык тергөө иш-аракетинин алкагында дүйнөдөгү мыйзамсыз болгон эң ири онлайн базар жайы болуп саналган интернет-барагын жаап салды.

Бул «DarkMarket» деп аталган сайт Интернет байланышынан ажыратылды жана Украина менен Молдовада жайгашкан 20дан ашуун сервер полиция тарабынан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу «Европол» 12-январда маалым кылды.

Европа полиция агенттиги колго түшүрүлгөн маалымат кампалары тергөөчүлөргө мыйзамсыз дары-дармек ж.б. саткан тараптарды жана алардын кардарларын аныктоого өбөлгө болорун маалымдады.

«DarkMarket» деп аталган Интернет тармагынын оператору катары шек саналган австралиялык жаран Германия менен Даниянын чек арасына жакын жерде өткөн дем алыш күндөрү камакка алынды.

Бери дегенде жарым миллион кардар жана 2 миңдей сатуучу бул мыйзамсыз интернет-баракты колдонуп, баңгизат, жасалма акча, уурдалган же жасалма насыя карталарынын жана вирустуу компүтердик программалардын мыйзамсыз соода амалдары менен алектенген.

Бул шойкомдуу интернет-барак аркылуу 320 миңден ашуун ар кыл соода амалдары жүзөгө ашырылган; анда криптовалюта да кеңири колдонулган. Австралия, Дания, Молдова, Украина, Улуу Британия, АКШ жана Европол катышкан бул эл аралык ири тергөө ишин Германиянын тергөөчүлөрү жетектешкен. (TT)

XS
SM
MD
LG