Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Европа соту Орусия үч сайтты мыйзамсыз тосмологон деп тапты


Адам укуктары боюнча Европа соту, Страсбург шаары
Адам укуктары боюнча Европа соту, Страсбург шаары

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын аймагындагы оппозициялык үч сайттын блокко коюлушун мыйзамсыз деп тапты.

Бул тууралуу “Агора” укук коргоо тобунун жетекчиси Павел Чиков билдирди. Сөз 2014-жылы бөгөт коюлган “Грани.Ру”, “Каспаров.Ру” жана EJ.ru басылмалары тууралуу жүрүүдө.

Сайттар Луговой мыйзамынын негизинде соттун чечимисиз тыюу салынган маалыматтын тизмесине киргизилген. Ага ылайык, Башкы прокуратура массалык башаламандыкка, экстремизмге жана санкцияланбаган нааразылык акцияларына чакырган Интернет сайттарын тосмолоону талап кыла алат.

Европа сотуна жазылган арызда мындай аракет сайттардын маалымат таратуу эркиндигин буза турганы, орус бийлиги кайсы макалалар блоктоого алып келгенин көргөзбөгөнү белгиленген.

Сот бийлик Европа конвенциясынын жоболору бузулган деген бүтүмгө келди жана сайттын негиздөөчүлөрүнө 10 миңден 11 миң еврого чейин кенемте төлөнүшү керек деп чечти.

XS
SM
MD
LG