Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

Беларус: бийликтин «буюртмасын» ашкерелеген аудио


Павел Шереметти эскерген чара.
Павел Шереметти эскерген чара.

Александр Лукашенко өзүн сындагандардын көзүн тазалоону пландаган болушу ыктымал. Бул тууралуу «EUobserver» интернет-басылмасы 2012-жылы жаздырылган аудио тасмага таянып, жарыялады.

Беларус бийлигинин мыйзамсыз иштерин ашкере кылган “сырдуу тасманын” жаңы жагдайлары ачыкка чыгууда.

Александр Лукашенконун бийлигинин каршылаштарын көзүн тазалоону талкуулады делген аудиотасма жасалма эмес экенин Беларус милициясынын мурдагы кызматкери Игорь Макар ырастап чыкты.

Бир канча жыл ИИМге караштуу «Алмаз» деген антитеррордук бөлүктө кызмат кылган, кийин четке чыгып кеткен Макар аудиотасма чынында эле 2012-жылы жаздырылганы боюнча колунда айныксыз далилдер бар экенин билдирүүдө:

Игорь Макар
Игорь Макар

Бул тасманын жасалма эмес экенин ырастаган 100 пайыздык далилдер менде бар. Биринчиден, фоноскопиялык экспертиза жүргүзүлгөн. Экинчиден, дал ушул аудиодогу үнү жазылган адамдар менен түздөн-түз сүйлөшкөн, кандай жагдайда жаздырылганын билген менин анонимдүү булагым Украинанын Башкы прокуратурасына же сотто көрсөтмө берүүгө даяр. Ал азыр коопсуз жерде”, - деп билдирди.

«EUobserver»​ интернет басылмасы 4-январда жарыялаган макалада 2012-жылы апрелде жазылган аудио тасма жөнүндө кеп болгон.

Үндөр ошол кезде Беларустун Мамлекеттик Коопсуздук комитетин (КГБ) жетектеген Вадим Зайцевге жана атайын даярдыктагы бөлүктүн өкүлдөрүнө таандык болушу мүмкүн.

Болжолу менен кутумдун бутасы Минскидеги СИЗОнун мурдагы жетекчиси Олег Алкаев, атайын даярдыктагы бөлүктүн бригада командири Владимир Бородач, Ички иштер министрлигинин коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Вячеслав Дудкин жана белгилүү оппозициячыл журналист Павел Шеремет болмок. Биринчи үчөө ошол кезде Германияда башкалап жүрүшкөн. Аларга карата жардыргыч затын колдонуу менен көзүн тазалоо пландалса да, ал ишке ашкан эмес.

Ал эми Павел Шеремет болсо 2016-жылы Киевде өз унаасында жардырылып мерт болду.

Бул үчүн украиналык беш жаран кармалган болчу. Бирок ким буйрук бергени боюнча беймаалым болуп келген.

Павел Шереметти эскерүү иш-чарасы
Павел Шереметти эскерүү иш-чарасы

4-январда Украинанын полициясы жаңы документтер менен аудиону изилдеп жатканын жарыялады. Эгерде бул маалыматтар ырасталса, Шерметтин өлүмүнө Беларус Коопсуздук комитетинин тиешеси бар деген шектенүүнү күчөтүшү мүмкүн.

Маркум журналист акыркы жылдары иштеп келген “Украинская правда” порталынын башкы редактору Севгиль Мусаева Павел Шереметтин өлүмүндө атайын кызматтардын тиешеси бар деген версия буга чейин болуп келгенин айтууда:

“Жакында жарыяланган аудио тасма боюнча төмөнкүлөрдү айта алам: “Украина правда” басылмасынын редакциясы кесиптешибиздин өлүмүнө Беларус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн деген версияны эч качан эстен чыгарган эмеспиз. Ошондой эле Орусиянын атайын кызматы жөнүндө да ушуну айтсак болот. Павел Беларус, Орусия жана Украинада бирдей иштеген журналист эле. Ал Александр Лукашенконун режимине катуу сын айткандардын бири катары белгилүү болчу. Лукашенко кезегинде Павел Шереметти Беларус жарандыгынан ажыраткан".

Ал эми аудио тасма боюнча Беларус атайын кызматынын бутасына илингендердин бири Олег Алкаев Лукашенконун «жазалоочу кошуундары» кантип иштегени тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарган китеп жазган.

Олег Алкаев
Олег Алкаев

Игорь Макардун айтымында, жакын курбусу Алкаевдин өмүрүнө коркунуч туулганын билген соң, 2012-жылы аудио тасма колуна түшкөн учурда ал АКШга жардам сурап кайрылган.

Муну Олег Алкаев ырастап, 2012-жылы Берлин полициясы анын көзүн тазалоо планы жөнүндө жашыруун маалымат түшкөнүн айтып, жан сакчы бөлүп берүүнү сунуш кылган.

Алкаев өзү 1999-2000-жылдары дайынсыз жоголгон саясатчылар боюнча негизги күбө болгондуктан, Лукашенко режими аны өлтүрүүнү көздөгөн болушу мүмкүн деп эсептейт.

Александр Лукашенконун бийлигинин мыйзамсыз аракеттерин ашкере кылган аудио тасма Беларуста саясий абал тынчыбай турган учурда жарыяланды. Бул өлкөдө былтыр 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө режимге каршы нааразылык аракеттери токтой элек.

Андан бери бийлик демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет. Светлана Тихановская сыяктуу айрым оппозиция өкүлдөрү бозгунга кетүүгө мажбур болушту. Кээ бир оппозиция мүчөлөрү набыт болушту.

АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, режимге каршы санкцияларды киргизишкен жана Лукашенконун жеңишин тааныбай тургандыктарын билдиришкен.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG