Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:40

Лукашенко өзүн сындагандарды өлтүрүүнү көздөгөн болушу мүмкүн экенин божомолдогон тасма чыкты


Беларус атайын кызматынын логосу.
Беларус атайын кызматынын логосу.

Александр Лукашенко өзүн сындагандардын көзүн тазалоону пландаган болушу ыктымал. Бул тууралуу 4-январда «EUobserver»​ интернет-басылмасы билдирди. Журналисттердин айтымында, 2012-жылы апрелде жазылган аудио тасмада кол салууну даярдоо тууралуу кеп болгон. Үндөр ошол кезде Коопсуздук кызматын жетектеген Вадим Зайцевге жана атайын даярдыктагы бөлүктүн өкүлдөрүнө таандык болушу мүмкүн.

«Немис толкуну» кабарлагандай, аудио тасманы «EUobserver» басылмасына беларус оппозициясынын активисти, «Алмаз» деген антитеррордук бөлүктүн мурдагы кызматкери Игорь Макар өткөрүп берген. Эксперттер тасманын жасалма эмес экенин тастыктай элек.

НАТОго кирген өлкөнүн чалгын кызматындагы бир эксперт добуштардын бири Зайцевдикине абдан окшош экенин «EUobserver» басылмасына айтты.

Болжолу менен кутумдун бутасы Минскидеги СИЗОнун мурдагы жетекчиси Олег Алкаев, атайын даярдыктагы бөлүктүн бригада командири Владимир Бородач жана Ички иштер министрлигинин коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Вячеслав Дудкин болмок. Алар ошол кезде Германияда жүргөн.

Алкаев Лукашенконун «жазалоочу кошуундары» кантип иштегени тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарган китеп жазган. Ал «Азаттык» радиосуна билдиргендей, 2012-жылы Берлин полициясы анын көзүн тазалоо планы жөнүндө жашыруун маалымат түшкөнүн айтып, жан сакчы бөлүп берүүнү сунуш кылган.

Алкаев өзү 1999-2000-жылдары дайынсыз жоголгон саясатчылар боюнча негизги күбө болгондуктан, Лукашенко режими аны өлтүрүүнү көздөгөн болушу мүмкүн деп эсептейт.

Ошондой эле аудио тасмада ал кезде Москвада жашап жүргөн журналист Павел Шереметти жок кылуунун жолу да талкууланган.

Шеремет 2016-жылы Киевде автоунаасы жардырылганда набыт болгон. «Немис толкуну» жазгандай, беларус тергөөчүлөрү кылмышка шектүүлөрдү 2019-жылы декабрда гана аныкташкан.

XS
SM
MD
LG