Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Лукашенко Даниил Урицкийге «Данияр» деп кайрылып, беларустар менен кыргыздарды салыштырды


Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов) чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by 10-август. 2020-жыл.
Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов) чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by 10-август. 2020-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын» (БНБК) иши менен таанышууга барганда анын директору Даниил Урицкийге Данияр деп кайрылды. Ал беларустар да кыргыздардай эмгекчил экенин айтты.

«Саясат бул жерде, Данияр, бирөө гана болушу керек - ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, чынчыл адам экениңди, беларустарды таарынтпай турганыңды көрүп атам, анткени алар эмгекчилдиги жагынан кыргыздарга окшош. Ошондуктан билесиңби, беларустарды таарынтканга болбойт. Алар ишенимдүү, бышык эл. Бардык саясат мына ушул», - деди Лукашенко.

Александр Лукашенко 10-августта Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектей турганы кабарланып келген ишканага барган. Лукашенконун бул сапары тууралуу жаңылыкты жана анын Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялаган. Ал жаңылыкта Лукашенко Урицкий жетектеген «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын» (БНБК) ишин жогору баалаганы белгиленген.

Эки жыл мурда Беларустун «TUT.BY» басылмасы аталган агрардык корпорацияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирген. Былтыр «БелаПАН» маалымат агенттиги агрардык корпорациянын 22,5% ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экенин жазган. Быйыл июнь айында Беларустун президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге «Заславль - 2» резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп бергени ачыкка чыккан.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Беларуска качкан Бакиевдердин үй-бүлөсү жана Данияр Үсөнов Беларустун журналисттери таап чыккан жогорудагы маалыматтар боюнча расмий түшүндүрмө берген эмес.

11-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди.

Данияр Үсөнов - Урицкий тууралуу ТИМ мындан үч жыл мурун да Беларус элчисине нота тапшырган. Ал эми Башкы прокуратура 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG