Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Экс-президент Отунбаева президент Жээнбековдун Лукашенкону куттуктаганын сындады


Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева. 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева. 2018-жыл.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун Беларустун кайра шайланган президенти Александр Лукашенкого жолдогон куттуктоосун сынга алды. Экс-президент «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып мындай деди:

«Мен муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык кадам катары баалайт элем. 2010-жылы эмне болгонун ушундай деңгээлге чейин унутушту. 7-апрель сайын «Революцияны жасагандар эмне дээр экен? Булар ким экен?» деп сынап жатышкандарын угуп эле атабыз. «Ушул революциялар бизди артка кетирди» дегендерди да угуп жүрөбүз. Кыргызстандын дүйнөдөгү азыркы орду, башка республикаларга салыштырмалуу такыр башка мамлекет болуп жатканы - биздин жетишкендигибиз. Биз ошол революцияны жасаганыбызга өкүнбөйбүз. Революция туура болгонун дагы бир жолу так, даана айтып коёт элем».

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкону Беларус президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктаган төртүнчү президент болду. Ага чейин Кытай, Орусия, Казакстан куттуктоо жиберген.

9-августтагы шайлоодо 80,23% добуш менен кайра шайланган президент Александр Лукашенко 10-августта Беларустун Улуттук биотехникалык корпорациясына барган. Анда Лукашенкону Кыргызстандын качып кеткен мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго түспөлдөш адам, корпорациянын жетекчиси Даниил Урицкий коштоп жүргөнү кабарланды. Лукашенконун Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялады.

Эки жыл мурда Беларустун «TUT.BY» басылмасы аталган агрардык корпорацияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирип чыккан. Былтыр «БелаПАН» маалымат агенттиги агрардык корпорациянын 22,5% ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экенин жазган.

Быйыл июнь айында Беларус президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге «Заславль-2» резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп бергени ачыкка чыккан. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Беларуска качкан Бакиевдердин үй-бүлөсү жана Данияр Үсөнов Беларустун журналисттери таап чыккан жогорудагы маалыматтар боюнча расмий түшүндүрмө берилген эмес.

Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоолордо кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Бакиев жана анын үй-бүлөсү Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн расмий Минск четке каккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG