Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Лукашенко Бакиевге резиденциясынын жанынан жер бөлүп берди


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Беларус президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге “Заславль–2” резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп берди. Бул тууралуу TUT.BY сайты өлкөнүн Кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча бирдиктүү реестрине шилтеме кылып жазды.

Жер тилкелери Лукашенконун 2019-жылдын декабрындагы чечими менен өмүрүнүн аягына чейин «кызматтык колдонуу үчүн» берилген. 45 сотых 17-мартта көмөк чарба жүргүзүүгө, 25 сотых турак жай курууга деп бөлүнгөн.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке 2005-жылы 24-март окуяларынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

XS
SM
MD
LG