Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:29

Беларуста Тихановская баш болгон оппозициялык кеңештин мүчөлөрүнө иш козголду


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Беларустун Башкы прокуратурасы оппозициянын лидерлеринин бири, президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановскаяга жана оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесниковага каршы кылмыш ишин козгоду. Алар экстремисттик жамаат түзгөн жана мыйзамсыз жол менен мамлекеттик бийликти басып алыш үчүн тымызын иш алып барган деп айыпталып жатат.

21-декабрда Александр Лукашенко Ички иштер министрлигине нааразылык акцияларынын катышуучулары боюнча бирдиктүү электрондук базасын түзүүнү тапшырды. Ал базада акция катышуучуларынын жашы, жашаган дареги, иштеген же окуган жери боюнча маалыматтар камтылат.

Беларуста быйыл август айында өткөн президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып жатат. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозиция жана Батыштагы бир катар мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон Светлана Тихановская өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникова камакка алынган.

Августтан бери жекшемби сайын оппозициянын тарапташтары бийликке каршы жүрүштөрүн өткөрүп келет. БУУнун эсеби боюнча Беларуста акциялардын жүрүшүндө 27 миңден ашык киши кармалган.

Беларус оппозиция буга чейин Сахаров сыйлыгына татыктуу болгон.

XS
SM
MD
LG