Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Беларуста 2021-жылдагы алгачкы нааразылык чаралары өтүүдө


Журналисттер менен тилектештик чарасы. Минск, 3-январь, 2020-жыл.
Журналисттер менен тилектештик чарасы. Минск, 3-январь, 2020-жыл.

Беларустун Минск баш болгон бир нече шаарында 3-январда быйылкы жылкы биринчи нааразылык иш-чаралары өтүп жатат. Былтыркы август айынан бери жекшемби сайын Александр Лукашенконун президенттикке шайланышы жана коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугуна каршы демонстрациялар тынбай келди.

Чоң шаарлардын ар кайсы райондорунда бийлик иш жүзүндө тыюу салган ак-кызыл түстөгү улуттук желектерди көтөрүп чыккан демонстранттар демократияны, адилет шайлоону коргогон ураандарды чакырып жатышат.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко утканын жарыялаганы менен, жарандардын көбү, бир катар мамлекеттердей эле, бул жыйынтыкты таануудан баш тартышууда. Куугунтукка кабылган оппозиция лидерлери чет жактарга бозгунга кетүүгө мажбур болгон же абактарга салынган.

Ушул эле жекшембиде Минскиде Улуттук университеттин журналистика факультетинин имаратынын жанында нааразылык жыйынын чагылдырып жүргөн жеринен бийликтин зомбулугуна, куугунтукка туш болгон журналисттерди коргоо иш-чарасы уюштурулду.

Чогулгандар “1200 күн темир тор артында", “сабалган 62 журналист”, “кармалган 497 журналист” деген плакаттарды кармап чыгышты.

Беларустагы жарандарга каршы кармоолорго же ар кандай тыюу салууларга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бул өлкөдөгү кабарчылары да туш болгон. (AA)

XS
SM
MD
LG