Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Беларуста соңку акцияда 150дөн ашык адам кармалды


Беларуста 20-декабрда өткөн бийликке каршы акциялардын жүрүшүндө 150дөн ашык адамды күч түзүмдөрү кармады. Бул тууралуу өлкөдөгү «Вясна» укук коргоо уюму кабарлап, кармалган 151 адамдын тизмесин жарыялады. Алар өлкөнүн баш калаасы Минск баш болгон Гомел, Гродно, Борисов, Брест жана башка шаарлардагы Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялардын учурунда кармалган.

«Азаттыктын» беларус кызматы Минскиде бир нече жерде чакан топко бөлүнгөн жүздөгөн адамдар оппозициянын кызыл-ак туусун көтөрүп, жүрүш өткөргөнүн маалымдады. Бул жолу бийликке каршы 19-жекшемби катары менен акция уюштурулду.

Беларуста быйыл август айындагы президенттик шайлоодон соң оппозициянын тарапкерлери жекшемби сайын акцияларды өткөрүп келет. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенконун утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир нече өлкө анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары тынымсыз өтүп жатат. Анын жүрүшүндө беларус коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

БУУнун эсеби боюнча Беларуста августтан бери 27 миңден ашык киши кармалган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG