Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

АКШ жана Европанын депутаттары Беларуста хоккей чемпионатын өткөрүүгө каршы


Александр Лукашенко жана Беларустун Хоккей федерациясынын башчысы Дмитрий Басков.
Александр Лукашенко жана Беларустун Хоккей федерациясынын башчысы Дмитрий Басков.

АКШнын Конгрессинин жана Европадагы бир катар өлкөлөрдүн парламентинин мүчөлөрү Эл аралык хоккей федерациясына кайрылып, Беларусту 2021-жылдагы дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугунан ажыратууну суранышты. Парламентарийлер Беларус бийлигинин адам укуктарын бузушуна, мыйзам аракеттерине каршылык көрсөтүү иретинде дал ушундай чечим кабыл алынышы керек деп эсептешет. Хоккей федерациясына ачык кайрылууга АКШ Конгрессинин 20дан ашык мүчөсү, Польша, Украина, Эстония, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Британия, Чехия жана Дания өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттары кол койгон.

«Беларуста президенттик шайлоо бурмалоо менен өткөнүн бүт дүйнө тааныды. Нааразылыкка чыккандар, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү өлкөнү мыйзамсыз башкарып жаткан Александр Лукашенко жана өкмөт тарабынан болуп көрбөгөндөй куугунтукка алынууда. Биз алар бул кылмыштар үчүн жооп бериши керек деп эсептейбиз», деп айтылат кайрылууда.

2021-жылдагы хоккей боюнча чемпионат Беларуста жана Литвада өтөт. Быйылкыга белгиленген чемпионат коронавирус пандемиясынан улам кийинки жылга жылдырылган.

Буга чейин Литванын бийлиги Эл аралык хоккей федерациясына кайрылып, турнирди жалгыз өткөрүүнү суранган. Эгер мындай чечим кабыл алынса хоккейди сүйүктүү спорту катары айтып келген Александр Лукашенкого карата сокку болушу мүмкүн.

Мындан мурда Эл аралык Олимпиада комитети Лукашенко баш болгон Беларус бийлигинин бир нече жетекчисине олимпиадалык оюндарга конок катары катышууга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG