Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Минскиде "Настоящее время" телеканалынын кабарчысы кармалды


Роман Васюкович.
Роман Васюкович.

"Настоящее время" телеканалынын кабарчысы Роман Васюкович 11-декабрда Минскидеги аэропортто кармалды.

Бул тууралуу "Азаттыктын" беларус кызматына журналист өзү маалымдады. Анын айтымында, Киевден жумушчу сапардан кайтып келе жаткан кабарчыны Минск аэропортунан кармаган күч кызматкерлери жарым сааттан кийин ноутбугун алып калып, өзүн кое беришкен. Ноутбукту алар "экстремизмге текшерүү" үчүн алып кала турганын айтышкан.

Роман Васюкович Беларустагы массалык нааразылык акцияларын тынымсыз чагылдырып келген.

Августта аталган телеканалдын үч кабарчысы - Ирина Ромалийская, Юрий Баранюк жана Иван Гребенюк Беларустан депортация болгон. Аларга өлкөгө кирүүгө 10 жылга чейин тыюу салынган.

Беларуста президенттик шайлоодон кийинки уланып жаткан массалык нааразылык акциялар учурунда миңдеген адамдар кармалып, камалган. Кармалып чыккандардын дээрлик баары кыйноолорго туш болушканын айтышкан. Алардын ичинде журналисттер басымдуулук кылат. Ондогон журналисттерге Беларуска кирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG