Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Кыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленип жатат


Китеп окуп жаткан окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.
Китеп окуп жаткан окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 12-декабрь - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленет.

Бул датага байланыштуу Бишкектеги Илимдер академиясынын алдында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат. Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында салтанаттуу иш-чара болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы боюнча сахналаштырылган спектакль менен коштолот.

Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Токтом долбоору жактырылып, энчилүү дата катары ошол жылы өкмөттүн чечими чыккан.(ZKo/MSd)

XS
SM
MD
LG