Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Атайын кызмат артынан түшкөн генерал


Болот Сүйүмбаев.
Болот Сүйүмбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялады.

Ага аскер прокуратурасы зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Болот Сүйүмбаев атайын кызматтын мурдагы төрагасы, азыр президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Абдил Сегизбаевдин учурунда ага орун басар болуп, анын жакын санаалашы катары белгилүү.

Буга чейин анын жасалма диплому жана чуулгандуу иштерге катышы тууралуу маалыматтар жарыяланып, бирок анда атайын кызмат ага чара көргөн эмес. Бул жолу Болот Сүйүмбаевдин ишин казып, ага издөө жарыяланышын талдоочулар саясий себептер менен байланыштырууда.

Үч жылдан кийин калкып чыккан кыңыр иш

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялады.

Аскер прокуратурасы 2017-жылы ири өлчөмдө алтын зер буюмдарын ташыган аткезчилер менен УКМКнын жооптуу кызматкерлери өз ара келишип алып иштеген факты боюнча 2019-жылы март айында бир нече кылмыш ишин козгогонун кабарлаган.

Атайын кызмат анда аткезчилик менен келген 22 килограмдан ашуун алтын зер буюмдарынын ири партиясын кармаган. Бирок УКМКнын ошол кездеги жетекчилиги ал ишти жабууга мыйзамсыз буйрук берип, кармалган алтын зер буюмдары кайра ээсине кайтарылган.

Натыйжада бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул тууралуу иштин жагдайы тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгон. Атайын кызмат Болот Сүйүмбаевдин бул ишке катышы бар экенин ырастаган айныксыз далилдер табылганын, бирок ал бир нече курдай суракка чакыртылып, тергөөгө келбей койгонун белгилеп кабар таратты.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов козголгон иш тууралуу мындайча маалымат берди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Ошол кылмыш ишинин алкагында ага издөө жарыяланды. Буга чейин ал күбө катары бир нече жолу тергөөгө чакыртылып, бирок келген эмес. Бул иш башында Аскер прокуратурасында тергелип, анан кийин ишти тергөөнү бизге өткөрүп берген. УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 223-беренеси («Экономикалык контрабанда») боюнча шек саналып жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевдин сыртынан кабарлама тараткан. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда».

Сегизбаев: айыпты далилдей алышса...

Териштирилип жаткан иштин алкагында мындан мурдараак УКМКнын жетекчисинин дагы бир мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, атайын кызматка жеткирилгени тууралуу маалымат таратылып, бирок ал сурак берип чыккан соң кайра бошотулганын кабарлаган.

Анын бул сотко чейинки териштирүүдө күбө катары суракка чакырылганы көрсөтүлгөн. Буга чейин Атамбаевдин бийлигинин тушунда УКМКнын төрагасынын мурдагы эки орун басары президенттикке талапкерлигин койгон мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевди жандап, анын шайлоо иштерине жардам берип жатканы айтылган болчу.

Абдил Сегизбаев козголгон ишти ага карата басым катары кабыл алды:

Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

«Тоскоолдук болуп жатат. Бир эле мисал. Эс алуудагы генерал-майор Чоткараев менин шайлоо штабыма келип, жардам берип жаткан. Аны менен биз мурда бирге иштешкенбиз. Ал бизге жардам берип жүрсө, УКМКнын азыркы жетекчилигинин буйругу менен аны түн ортосунда сүйрөп кетип жатышпайбы. Анан аны алып барып алып, коркутканга аракет кылышыптыр. Мени менен иштешкен ошол кездеги орун басарлардан Болот Сүйүмбаев болобу, Дүйшөнбек Чоткараев болобу, ким гана болбосун, эгерде алардын күнөөсүн далилдей алышса, анда алардын мойнуна коюп, соттоп, кесишсин. Эгерде ошолордун кайсы бир иштерге кымындай да аралашканы болсо, кыңыр иштерге байланышы бар болсо, анда азыр алардын мүмкүнчүлүгү бар. Кесип жиберишсин».

Сүйүмбаевдин «Баш айландырган» кызматтык жүрүшү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, 2010-жылдан кийин анын кеңешчиси болуп жүргөн Болот Сүйүмбаев 2015-жылдан кийин кызматтык тепкичтерден космикалык ылдамдык менен өөдө көтөрүлүп, мөөнөтүнөн мурун генерал-майор аскердик ченин алганга да жетишкен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийлигинин соңунда аны менен бирге УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаевге да генерал-майор аскердик ченин ыйгарган.

2018-жылы 18-апрелде ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Болот Сүйүмбаевди кызматынан алганда аны ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Финансы полициясынын төрагалыгына дайындай койгон. Ушундан улам парламент Сапар Исаквого ишенбестик көрсөтүп, аны кызматынан кетирүүгө негиз болуп берген.

Аны ошол кезде тоо-кен тармагын карап, ишкерлерди калкалап, мыйзамсыз иштер менен алек болгону боюнча маалыматтар чыкканы менен атайын кызмат анда ага эч кандай чара көргөн эмес. Болот Сүйүмбаев Дене тарбия окуу жайын бүтпөй калып, дипломун 2012-жылы гана алганы боюнча маалымат чыккан. Ошондуктан анын жасалма диплом менен атайын кызматка орношкону тууралуу сөз жүргөн.

«Прогресс» коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов мындай дейт:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Эң эле оболу, Сегизбаев да, Сүйүмбаев да атайын кызматтарга же болбосо укук коргоо органдарына эч кандай тиешеси жок болуп туруп, алардын УКМКнын жогорку жетекчилик кызматтарын ээлегени туура эмес болгон. Бул эми ошол кездеги президенттин эле жеке каалоосу болгон. Анткени ошол эле Болот Сүйүмбаев, Абдил Сегизбаев УКМКнын түздөн-түз милдети болгон чалгын жана контр чалгын иштери менен эмес, экономикалык иштерге аралашып кетишкен болчу. Бул жерде чынында эле кандайдыр бир фактылар болушу мүмкүн. Анткени алар экономикалык иштерге аралашкан. Анан экинчи жагынан бул ишке саясий конъюктура да себепчи болушу ыктымал. Анткени ал аркылуу Сегизбаевге жетип, аны камакка алуу аракети да болушу мүмкүн. Ошондуктан Сегизбаев анын алдын алып, күн мурунтан саясат менен алектенип, президенттикке талапкерлигин коюп, ишти саясий өңүткө бурууга аракет кылып жатканын биз баарыбыз көрүп жатабыз».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунда Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрагасынын орун басары рангында мамлекеттик күзөттү көзөмөлдөп, тогузунчу башкы башкармалыкты жетектеген. Андан кийин ал атайын кызматтын улуттук коопсуздук коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп турган.

XS
SM
MD
LG