Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Мамлекеттик түзүлүш боюнча референдум тууралуу мыйзамга кол коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстанда мамлекеттик түзүлүш - башкаруу формасын аныктоо референдуму тууралуу мыйзам долбооруна 11-декабрда кол койду.

Бул маалымат президенттин расмий сайтына 12-декабрга оогон түнү жарыяланды.

Кол коюлган мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо менен чогуу мамлекеттик башкаруу системасын тандоочу референдум өткөрүлөт. Анда жарандардын тандоосуна Кыргызстандагы башкаруу формасы:

— президенттик;

— парламенттик;

— бардык варианттарга каршы түрлөрү коюлат.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан шашылыш өткөрүп, кабыл алган.

Долбоор парламенттин кароосуна 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан өткөн.

Парламенттеги айрым депутаттар аталган мыйзам долбоору "Референдум тууралуу" конституциялык мыйзамдарды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрүлбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн кыска убакытта жазылып, чукул кабыл алынды деп сындашкан.

Референдум өткөрүү боюнча демилге октябрь окуяларынан кийин келген жаңы бийликтин тушунда Конституцияны өзгөртүү сунушу коомчулукта ажырым жараткандан кийин көтөрүлгөн. Баш мыйзамды алмаштыруудан мурун башкаруунун формасын аныктап алуу боюнча бул сунуш чыңалып турган абалды басаңдатуу аракети катары кабыл алынган.

Референдумду колдогондор мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүүнү элдин талабы менен түшүндүрүшөт. Ал эми ага каршылар мунун артында бийликти бир кишинин колуна берүү максаты турганын белгилешүүдө. Референдумга каршылыгын билдирген жарандык активисттер жекшемби сайын нааразылык акцияга чыгып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG