Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Кочкоров: Сооронбай Жээнбеков эки чоң ката кетирди


Улукбек Кочкоров, мурдагы социалдык коргоо министри.
Улукбек Кочкоров, мурдагы социалдык коргоо министри.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков эки чоң ката кетирбесе чукул бийлик алмашуу болбойт эле. Мындай пикирин мурдагы министр, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Биримдик» саясий партиясынын тизмесинин башында туруп катышкан саясатчы Улукбек Кочкоров «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди.

«Раимбек Матраимов боюнча туура чечим кабыл алынбады. Бул боюнча өз убагында так иш алып барганда мындай иштер болмок эмес. Экинчиси, бул кишини жоопко тартуу эле эмес, аны бийликке сүрөгөнү өтө чоң мүчүлүштүк болду. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын дымагы, каржылык ресурстары белгилүү болчу», - деди саясатчы.

4-октябрдагы шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгон элдин 4-5-октябрдагы толкундоосу Сооронбай Жээнбеков башында турган бийликти кулаткан. Буга шайлоонун жыйынтыгында бийликке таандык «Биримдик» жана Раимбек Матраимовго таандык «Мекеним Кыргызстан» партияларынын басымдуу көрсөткүч менен жеңишке жетиши себеп болгон.

Бийлик алмашкандан кийин узартылган мөөнөт менен иштеп жаткан парламенттин азыркы алтынчы чакырылышынын басымдуу бөлүгү жогоруда сөз болгон партиялар менен шайлоого аттанганы белгилүү.

Социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоровду 15-октябрда өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болгон Садыр Жапаров бошоткон. Ал - алдыдагы кезексиз президенттик шайлоого катышуу ниети бар 18 саясатчынын бири.

Кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

XS
SM
MD
LG