Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Бишкекте гендердик теңсиздикке каршы марш өтөт


Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.
Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

"Бишкектеги феминисттик демилгелер" коомдук уюму 12-декабрда гендердик теңсиздик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүш жасайт.

"Жетишет" деп аталган жөө жүрүш темир жол бекетинен башталып, Курманжан датканын Эркиндик бульварындагы эстелигинде аяктайт. Иш-чара адам укугун коргоого багытталган 16 күндүк акциянын алкагында өтүп жатат.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, бүгүнкү жүрүш аялдарга карата адилетсиз сот чечимдерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жатат.

"Көптөгөн аялдар үйдөгү зордук-зомбулуктан коргонууга кылган аракети үчүн айыпталып, соттолуп жатат. Ал эми кыз-келиндердин тагдырына балта чапкан чыныгы күнөөлүүлөр эч кандай жазасыз, эркин жүрөт. Адилетсиз сот системасынын курмандыгы болгон кыз-келиндердин укугу үчүн биз бүгүн жүрүшкө чыгабыз", - деп жазылган.

Ош шаардык соту күйөөсүнөн коргонуу үчүн кол көтөрүп, өлтүрүп алган келинди 9 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып пул салган. Ушул эле сот күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабай, төрт айлык баласы менен 4-кабаттан боюн таштаган келинди 11 жылга кескен. Укук коргоочулар соттун чечими гендердик теңсиздик, аялдарды кемсинтүү менен чыгарылды деп сындашкан.

Ушул тапта аялдар абагында жазасын өтөп жаткан 350 аялдын жүзгө жакыны "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Бул жалпы соттолгондордун 25% түзөт. Алардын жарымынан көбү арасында күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алган.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапкан.

17-июнда Бишкектин Ден Сяопин көчөсүндө белгисиз адам кызганычтан улам чогуу жашаган аялды барымтага алып, бычак менен жанына эч кимди жолоткон эмес. Милиция анын колунан бычакты ыргыта чаап, куралсыздандырып аялды куткарып калган. Мындан кийин жараат алган аял ооруканага жаткырылган. 19-июнда аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда каза тапкан.

1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG