Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Президенттик шайлоону уюштурууга мониторинг башталды


Парламенттик шайлоо. Нарын облусу. 4-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Парламенттик шайлоо. Нарын облусу. 4-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен жергиликтүү төрт уюм Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоонун уюштурулуусуна байкоо жүргүзөт.

"Медиа өнүктүрүү борборунун" өкүлү Айжамал Жаңыбаеванын журналисттерге билдиргени боюнча, учурда маалымат каражаттары, интернет айдыңында президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүн чагылдыруу талданып жатат. Анда маалымат каражаттары тарабынан бардык талапкерлерге бирдей мамиле, журналисттик этиканын жана шайлоо өнөктүгүн чагылдыруудагы бейтараптык принциптердин сакталышына көңүл буруулууда.

«Эгль» коомдук уюму мүмкүнчүлүгү чектелүү, жабык жайларда отурган, күч кызматтарында жана башка жактарда иштеген шайлоочулардын добуш берүүсүнө түзүлгөн шарттарды иликтейт. Ал эми «Социалдык технологиялар агенттиги» шайлоодогу гендердик теңчиликке, добуш берүүдөгү эл аралык жана конституциялык укуктардын сакталышына байкоо салат.

«Таза Шайлоо» ассоциациясы БШК тарабынан президенттикке талапкерлердин шайлоо документтерин текшерүү ишине мониторинг жүргүзүүнү баштаган. Ассоциациянын өкүлү Тимур Арыковдун маалыматына караганда, шайлоо күнү уюмдун 120 байкоочусу добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салат.

Кыргызстанда октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырып берген. Анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу болуп 6-октябрда абактан бошотулган Садыр Жапаров отурган. Жапаров өзүнүн буйругу менен 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү дайындаган.

Президенттик шайлоого катышарын жарыялаган 67 адамдын 20сы 3-декабрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) шайлоочулардын кол тамгаларын тапшырган жана 1 млн. сом шайлоо күрөөсүн төккөн.

БШКнын маалыматына караганда, 11-декабрга карата эки талапкердин кол тамгалары жараксыз деп табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG