Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Ысык-Көлдө эки балыкчы чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын "Арал" участогунда 11-декабрь күнү кечинде эки балыкчы чөгүп кеткен.

Окуя болгон жерге Тоң районунан куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл барган. Издөө иштеринин жыйынтыгында Кара-Талаа айылынын 43 жана 50 жаштагы тургундарынын сөөгү 3 метр тереңдиктен, жээктен 20 метр алыс жерден табылды. Балыкчылардын кайыгы суунун астында калган.

Куткаруучулар сөөктү Тоң райондук милиция кызматкерлерине тапшырып берди. Укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын аныктап жатат.(KS)

XS
SM
MD
LG