Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Беларуста полиция жүздөгөн кишини кармап кетти


Жекшембидеги нааразылык иш-чарага катышкандардын бирин беларус коопсуздук күчтөрү кармап кетүүдө. Минск. 2020-жылдын 15-ноябры.
Жекшембидеги нааразылык иш-чарага катышкандардын бирин беларус коопсуздук күчтөрү кармап кетүүдө. Минск. 2020-жылдын 15-ноябры.

15-ноябрда Минскиде полиция Александр Лукашенконун бийликтен кетишин жана жаңы президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып чыккан ондогон демонстрантты кармады.

Коопсуздук күчтөрү миңдеген кишиге көздөн жаш агызчу газ чачып, тарсылдак гранаталарды жарды.

“Весна” укук коргоо кыймылы Минск, Гомел, Гродно жана Могилев шаарларында кеминде 450 киши кармалганын билдирди.

Минск шаарынын Пушкинская метро бекетине жакын чогулган бир нече миңдей кишини таркатуу үчүн полиция жаш агызчу газ колдонду. Демонстранттар "Лукашенкону - трибуналга!", "Жашасын Беларус!" деген сыяктуу ураандарды чакырып чыгышкан.

Борбордо бир нече метро бекеттери жабылды, уюкфон аркылуу таркатылчу интернет байланышы атайылап үзгүлтүккө учуратылды.

Жекшембидеги нааразылык иш-чараларында бери дегенде 16 журналист кармалганы дагы кабарланды.

Өлкөнү дээрлик 26 жылдан бери үзгүлтүксүз башкарып келе жаткан Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган тынч нааразылык жыйындары 9-августтагы президенттик шайлоо күнүнөн кийин дээрлик ар күн сайын уюштурулуп келет. Батыш өлкөлөрү да бурмаланган шайлоо жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Ал эми Орусиянын бийлиги Лукашенкону ырааттуу колдоп келет.

Августтун 9унан бери Беларуста бир нече демонстрант өлтүрүлүп, миңдеген кишилер камакка алынды.

Айтмакчы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргызстандагы элдик ыңкылаптан кийин өлкөдөн качып чыгууга мажбур болгон мурдагы президент Курманбек Бакиев менен мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов ушул тапта Минскиде баш паана таап келет. Данияр Үсөнов эми Даниил Урицкий ысымын алып, ишкерлик менен алектенүүдө.

XS
SM
MD
LG