Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Улуу Британия эки беларус дипломатын өлкөдөн чыгарат


Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб
Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб

Улуу Британиянын өкмөтү расмий Минсктин кадамына жооп иретинде эки беларус дипломатын өлкөдөн чыгарарын жарыялады. Ага чейин Британ Тышкы иштер министрлигине Беларустун элчиси Максим Ермалович чакырылып, бул чечим тууралуу маалымат берилген. Анда британ бийлиги элчи Ермаловичке Беларустагы соңку саясий кризистен чыгуунун жалгыз жолу шайлоону кайра өткөрүп, буга чейинки тынчтык митингине чыккандарды кыйнагандарды жоопко тартуу экенин билдирген.

«Бүгүн биз Лукашенконун режимине британ дипломаттарын негизсиз эле өлкөдөн чыгаруунун кесепети болорун түшүндүрдүк. Бириккен королдук августтагы шайлоодогу бурмалоо жана уланып жаткан зордук-зомбулук үчүн жоопкерчиликке чакырууну улантат»,-деген Британиянын тышкы иштер министри Доминик Раабдын сөзүн "Азаттыктын" беларус кызматы жазып чыкты.

9-ноябрда Беларустун бийлиги эки британ дипломаты аскер атташеси Тимоти Уайт Бойкот жана элчинин орун басары Лиза Тамвудду персона нон-грата деп жарыялаган. Аларды «өз макамына ылайык келбеген деструктивдүү ишмердик» жүргүзгөн деп айыпташкан.

Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Анатолий Глаз британ диплматтары Беларустагы ички саясий абал жана нааразылык акциялар жөнүндө маалымат чогулткан деп билдирген.

Беларуста быйыл августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенконун жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция аны тааныган эмес. Ошол убакыттан бери оппозициянын акциялары уланууда.

XS
SM
MD
LG