Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Лукашенконун берети, Кадыровдун дымагы


Лукашенко жана Кадыров, 2017-жыл
Лукашенко жана Кадыров, 2017-жыл

Лукашенко санкцияларга нааразы, Кадыров Нобель сыйлыгын алгысы келет.

Александр Лукашенко 30-декабрда милициянын атайын багыттагы отряды – ОМОН кызматкерлери менен жолугуп, аскер жана күч кызматтарынын башчыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ал ОМОНго «адамдар ишенет», «силерди дайыма жардамга келет деп билишет» деп, «өлкөдө коопсуздукту сактап калууда» алардын ролун жогору баалады.

«Көтөрүлүш, блицкриг же түстүү революцияга жол берилген жок. Ошон үчүн азыр чет өлкөдө жылуу орундуктарында отургандар, өздөрүн эркиндик, теңдиктин жактоочулары деп атап алгандар кайрадан эле биздин мамлекетке каршы жаңы арамза амалдарын ишке ашырганы турушат. Алар бул «беларус элинин бакубаттуулугу үчүн» дешет. Бирок, мен аны көргөнүм жок».

Лукашенко элдик толкундоолор менен жапырт жүрүштөргө «чет өлкөлүк чагымчылдарды жана аларга жагынган өлкө ичиндеги чыккынчыларды» күнөөлөп, оппозицияны «конструктивдүү сүйлөшүүлөргө барбай, элди көчөгө алып чыкты» деп айыптады.

Ал Батыш тараптан курчаган кошуна өлкөлөр экономикалык санкциялар менен чектелбестен, маалыматтык согуш жүргүзүп, «саясий чагымчылдык кылып жатышат» деди.

Атайын ыкчам отряддын командири Дмитрий Балаба өз кезегинде Лукашенкого ОМОН кызматкерлеринин мыктыларына берилчү кара берет тапшырып, аны отряддын катарына кабыл алынганы менен куттуктады.

Лукашенко ОМОН кызматкерлери менен жолугушуусунда
Лукашенко ОМОН кызматкерлери менен жолугушуусунда

Беларуста быйыл августтагы президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой жатат. Акцияга чыккандар өлкөдө калыс шайлоо өткөрүүнү, Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундарды бошотууну талап кылып келет.

Соцмедиада таркаган видеолордо беларустар «Кет!Кет! ОМОНуңду ала кет» деп кыйкырып тургандарын көрүүгө болот.

Элдик жүрүштөрдө демонстранттарга каршы милициянын ыкчам бөлүгү тартылып, миңдеген адамдар зомбулук, күч менен кармалган.

Беш айда 30 миңден ашуун адам камакка алынып, кылмыш иштери козголуп, административдик жазага миңдеген адам тартылган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан.

Лукашенкону тынч сүйлөшүүлөргө чакырган оппозициялык кыймылдын Координациялык кеңешинин бардык мүчөлөрүнө кылмыш иштери козголуп, кээ бири өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болсо, калганы абакта отурат.

Европа Кеңеши Александр Лукашенко баш болгон 90го жакын беларус аткаминерин «кара тизмеге» киргизген. Аларды Беларустагы шайлоодо мыйзам бузуу, нааразылык акцияларындагы зордук-зомбулук, адам укуктарын бузуу үчүн жооптуу деп тапкан.

Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Быйыл адам укуктарын бузуу үчүн Батыштын санкцияларына кабылгандардын сап башында чечен лидери Рамзан Кадыров бар.

Быйыл 20-июлда Кошмо Штаттар адам укуктарын олуттуу бузган деген негизде Рамзан Кадыровду «кара тизмеге» алган. Кадыров ал кезде Вашингтондун чечимин «адилетсиз» деп сындаган.

«Биз согушту, эл аралык терроризмди токтоттук. Мага Нобель сыйлыгы берилиши керек. Алар болсо мага санция салышат. Бул адилетсиз!» деген Кадыров федералдык телеканалдан.

Санкциялар чечен лидеринин аялы Медни Кадырова, анын кыздары Айшат менен Каринага да тиешелүү. Алардын АКШга киришине, иш боюнча байланыш түзүүгө, активдерди калтырууга тыюу салынган.

Декабрда чечен лидерине таандык бир катар компаниялар АКШнын «Магнитский акты» деп аталган санкциялар тизмесине киргизилди. Ага «Ахмат» деп аталган футбол жана күрөш клубдары, чечен президентинин атасы Ахмат Кадыров атындагы фонд кирди.

Мындан тышкары «Мегастройинвест», «Чечен минерал суулары», «Absolute Championship Akhmat» компаниялары да тизмени толуктады.

Орус президенти Владимир Путин быйылкы басма сөз жыйынында АКШ жана Британия Кадыровго каршы санкцияларды кеңейткенин айткан журналистке: «Менин досторум Батыш аларга санкция киргизбесе, аны кемсинтүү катары баалайт», - деп жооп берген.

Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы Чеченстанда жалпы 346 көчөгө Кадыровдун жана анын жакындарынын ысымы ыйгарылганын жазат.

Мисалы, Бачи-Юрт айылында Кадыровдун аты тогуз көчөгө берилген. Атасынын, апасынын, бир туугандарынын, балдарынын аты менен аталган көчө, калк жашоочу пункттарды республиканын түштүгүнөн түндүгүнө чейин кезиктирүүгө болот.

Кадыровдун жакындары Чеченстанда жогорку кызматтарда турушат. Сентябрда ал кызы Айшат Кадырованы маданият министринин орун басары кылып дайындаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG