Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

"Кавказский узел": Чеченстанда Кадыровду социалдык тармактарда колдоону мугалимдерден талап кылууда


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

АКШ Рамзан Кадыровду кара тизмеге киргизгенин жарыялагандан кийин Чеченстанда мектеп мугалимдерин социалдык тармактарга республика башчысын колдогон пикирлерди жазуу милдеттендирилди. Бул тууралуу "Кавказский узел" интернет басылмасы жазды.

Бул медиа Чеченстандын ар кайсы райондорундагы бир нече окутуучуларга таянып кабарлады. Урус-Мартан районундагы орто мектептин мугалиминин айтымында, директор бардык кызматкерлерге Кадыровдун санкцияга байланыштуу билдирүүсүнүн шилтемесин берип, “колдон келишинче көп пикир жазууну” талап кылган. Ал эми Шалин районундагы мектептин бөлүм башчысы Билим берүү министрлигиндеги жогорку кызмат адамы директорго Кадыровду колдоп жазган комментарийдин саны боюнча маалымат берүүнү талап кылганын билдирди.

АКШ адам укуктарын олуттуу бузган деген айып менен Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровду санкциялык тизмеге киргизди. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараткан билдирүүдө бул тизмеге анын жубайы Медни жана кыздары Айшат менен Хадижат да киргени айтылат.

Бир нече күн мурун Чеченстандагы бюджеттен каржыланган мекемелердин кызматкерлерин социалык тармактарда аймактын башчысын мактап жазууга чакырганын Кавказ.Реалии интернет сайтты жазган. Ай сайын кызматкерлер жетекчиге ондон кем эмес мактоо комментарийлеринин скриншотун жөнөтүү керек.

Рамзан Кадыров АКШга жооп иретинде курал-жарак сакталган бөлмөсүндө эки колуна пулемет кармап турган сүрөтүн "Телеграм" каналына жарыялаган. Анын посту «Помпео, күрөштү кабыл алабыз! Мындан аркысы кызыктуу болот» деген жазуу менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG