Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Лукашенконун курал көтөргөн видеосу чыкты


Беларус президенти Александр Лукашенко. Минск. 16-август, 2020-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко. Минск. 16-август, 2020-жыл.

Президент Александр Лукашенко Минскидеги резиденциясына кечинде учуп келди. Ал тик учактан колуна автомат көтөрүп түшкөн видеону «Телеграм» каналындагы «Пул первого» деп аталган бийликчил канал чыгарды.

Ушундай эле видеону ОНТ телеканалы да жарыялады.

23-августта «Жаңы Беларустун жүрүшү» деп аталган оппозициянын акциясына болжол менен жүз миңден ашуун адам чыкты. Бул 9,5 миллион калкы бар Беларустун тарыхындагы эң ири акция болуп калды.

Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышат.

Алар кечки алтыдан кийин катуу жааган нөшөрдөн кийин таркашты. Бул маалда Интернет да үзгүлтүккө учурай баштады.

Иш-чараны утурлай Коргоо министрлиги билдирүү таркатып, мыйзам бузгандарга полиция эмес, армия чара көрөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG