Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Беларуста митингчилердин базасы түзүлөт


Минскидеги жүрүш, октябрь, 2020-жыл.
Минскидеги жүрүш, октябрь, 2020-жыл.

Беларуста жекшембиде Александр Лукашенконун бийлигине каршы жүрүштөрдө 150дөн ашуун адам кармалды. 

Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) элдик жүрүштөрдүн катышуучуларын атайын тизмеге алган база даярдады. Бул тууралуу видеорепортаж «Беларусь-1» мамлекеттик телеканалынын эфиринде көрсөтүлгөн. Анда ИИМдин өкүлү Александр Купчень мындай бирдиктүү база ар кайсы шаарларда уруксат берилбеген жапырт жүрүштөргө катышып жүргөн адамдарды аныктап, аларга чара көрүүгө көмөк көрсөтөрүн айтты:

«Бир киши Брест шаарында жашайт, ал жакта уруксат берилбеген иш-чараларга катышып жүргөн. Бир айдан кийин ал Минскиге келип жүрүштөргө катышат. Биз аны бул жактан кармайбыз, базадан текшерибиз. Анын мурун да ушундай иш-чараларга катышып жүргөнү аныкталат. Бул маалымат ага сотто административдик чара көрүш үчүн маанилүү».

Видеосюжетте бул базага азыртадан соцмедиа менен «Телеграм» каналдарда жапырт жүрүштөргө чакырган айрым жарандардын жашы, жашаган жери, иши жана башка маалыматтары киргизилгени айтылат.

Мындан тышкары Беларуста күч түзүмдөрү Александр Лукашенкого каршы жүрүштөрдүн символу болуп калган ак-кызыл-ак түстүү желектерди тапкан жеринен айрып, өрттөп жок кылышууда. Терезесинеже үйлөрүнө мындай желек илип алгандарга айып салынып жатат. Буга нааразы беларустар мындай желектерди көчөдө музга тоңдуруп, ак-кызыл түстүү ленталарды ар кайсы жерге илип жатышат.

Августтагы жапырт жүрүштөр.
Августтагы жапырт жүрүштөр.

Жапырт кармоого тоскоолдук кылыш үчүн нааразылык жүрүштөрү да шаарлардын чет-жакаларында жана чачкын түрдө өтүүдө.

20-декабрдагы жүрүштөрдө 150дөн ашык адам кармалганын «Вясна» укук коргоо уюму кабарлап, алардын тизмесин жарыялады.

БУУнун эсеби боюнча Беларуста августтан бери 27 миңден ашык киши кармалган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан.

Саясат талдоочу Валерий Карбалевич кыштын келиши, коронавирустун жайылышы, жапырт камакка алуу адамдардын демин басып, Беларуста нааразылык жүрүштөрүнүн масштабы жана жигердүүлүгү кыйла төмөндөгөнүн белгилеп, бирок муну убактылуу көрүнүш деп эсептейт.

«Эми мурункудай саясий режим болбойт, - деди ал. - Лукашенко мурунку жол менен саясий бийликти сактап кала албайт. Бийликти кармап калыш үчүн авторитардык режим мындан да катуу, катаал, репрессивдүү кадамдарга барышы керек. Жыйынтыгында бизде катаал бийлик менен эркиндиктин даамын татып калган коом пайда болду. Бул саясий жаңжал 2021-жылы андан ары курчуйт».

Ал эми Лукашенконун бийлигине каршы беларус кыймылынын лидери болуп калган Светлана Тихановскаянын кеңешчиси Франак Вячорка 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин башталган жапырт көчө жүрүштөрү өз максаттарына жетти деп эсептейт. «Президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Лукашенконун бийлигинин мыйзамдуулугу эл аралык коомчулукта таанылган жок, ал эми Тихановская жаңы беларус лидери катары калыптанды, - дейт ал. Ал августка жетпей бийлигинен кол жууйт. Режим солгундады, жазында кайра көчө жүрүштөрү башталат, эл аралык коомчулуктун кысымы күчөйт. Кеч дегенде май айында ал сүйлөшүүлөргө макул болууга аргасыз болот. Анткени Лукашенконун жанындагы адамдар, аны каржылаган олигархтар, Кремль деле буга кызыкчылыгы болуп калат».

Европа Кеңеши 17-декабрда беларус бийлигине каршы үчүнчү санкцияны расмий бекиткен. Бул ирет «кара тизмеге» 29 адам менен жети ишкана, уюм кирди.

Мунун алдында Брюсселде Светлана Тихановская баштаган беларус оппозиция лидерлерине Европа парламентинин Сахаров сыйлыгы ыйгарылды. Тихановская сыйлыкты алып жатып, «коркуунун дубалы бара-бара урайт» деп билдирген.

Буга чейин Европа Биримдиги Александр Лукашенко баш болгон баш-аягы 55 беларус аткаминерин «кара тизмеге» киргизген. Аларды Беларустагы шайлоодо мыйзам бузуу, нааразылык акцияларындагы зордук-зомбулук үчүн жооптуу деп тапкан. Бул адамдар Евробиримдиктин аймагына киришине тыюу салынат жана активдери камакка коюлат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG