Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

АКШ Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго каршы кошумча санкцияларды киргизди


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чечен лидерине таандык бир катар компаниялар АКШнын «Магнитский акты» деп аталган санкциялар тизмесине киргизилди.

Ага «Ахмат»деп аталган футбол жана күрөш клубдары, чечен президентинин атасы Ахмат Кадыров атындагы фонд кирди.

Мындан тышкары «Мегастройинвест», «Чечен минерал суулары», «Absolute Championship Akhmat» компаниялары да тизмени толуктады. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы 10-декабрда билдирди.

Быйыл 20-июлда Кошмо Штаттар адам укуктарын олуттуу бузган деген негизде Рамзан Кадыровго карата дагы бир санкция салган. Кадыров ал кезде Вашингтондун чечимин адилетсиз деп сындаган.

Санкциялар чечен лидеринин аялы Медни Кадырова, анын кыздары Айшат менен Каринага да тиешелүү. Алардын АКШга киришине, иш боюнча байланыш түзүүгө, активдерди калтырууга тыюу салынган. Ага чейин Кадыровго карата экономикалык санкция киргизилген.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлкү менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет.

XS
SM
MD
LG